ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Анкара: ПКК жана ага байланыштуу уюмдар дароо куралдарын ташташы керек
Түркия Республикасынын коргоо министри куралсыздандыруу токтоосуз жана шартсыз болушу керектигин билдирип, аймакта эч бир террористтик топтун тамырлашына жол берилбей турганын кошумчалады.
Анкара: ПКК жана ага байланыштуу уюмдар дароо куралдарын ташташы керек
Гүлер Анкаранын эч бир террористтик уюмдун аймакта тамырлашына жол бербей турганын айтты. / Reuters

Коргоо министри Яшар Гүлер шейшемби күнкү билдирүүсүндө, ПКК жана ага байланыштуу бардык топтор таркоо чечиминин алкагында бардык аймактарда террористтик аракеттерин дароо токтотуп, куралдарын тапшырышы керектигин айтты.

Гүлер Анкаранын эч бир террористтик уюмдун аймакта тамырлашына жол бербей турганын кабарлады.

ПКК террордук уюму май айында Түркияга каршы ондогон жылдар бою жүргүзгөн куралдуу күрөшүнөн расмий түрдө баш тартып, он миңдеген адамдардын өмүрүн алган кагылышты токтоткон эле.

Яшар Гүлер ПКК, PYD, YPG жана SDG аттарын атап, алардын биринин да аймакта "тамырлашына" жол берилбей турганын баса белгиледи.

Гүлер Түрк куралдуу күчтөрүнүн сестентүүчү күчү биринчи кезекте террористтик уюмдарга каршы күрөштө көрсөтүлгөнүн жана түрк жоокерлеринин теңдешсиз аракеттеринин негизинде терроризмдин жоюлганын билдирди.

“Террордон арылган Түркия”

Түркия президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында, куралдуу топтор жараткан коркунучту биротоло токтотууга багытталган "Террордон арылган Түркия" процессин баштады.

Анкаранын бул процесстин ийгиликтүү болушун чындап каалаганын айткан Гүлер, натыйжанын толугу менен террористтик топтордун зомбулуктан баш тартып, куралсызданышынан көз каранды экенин кошумчалады.

Гүлер ошондой эле Улуттук коргоо министрлиги менен Түрк куралдуу күчтөрү "Түркия кылымы" максаттарына ылайык, чоң жана күчтүү Түркия үчүн иш-аракеттерин чечкиндүүлүк менен уланта берерин маалымдады.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти