ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израилдин Газага кол салууларынан дагы үч адам каза болду
2023-жылдын 10-октябрында Газада ок атышпоо күчүнө киргенден бери Израилдин чабуулдарынан 1602 адам каза тапты.
Израилдин Газага кол салууларынан дагы үч адам каза болду
Газа

Израилдин ок атышпоого карабастан Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта үч адам каза болду.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага кол салууларында катталган өлүмдөр боюнча акыркы маалыматтар бөлүшүлдү.

Ок атышууну токтотууга карабастан Израилдин чабуулдары уланып жаткан Газада акыркы 24 саатта 3 адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы айтылды.

Ошондой эле 2025-жылдын 10-октябрында ок атышпоо күчүнө киргенден бери Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан 1602 адам каза болуп, 5794 адам жаракат алганы жана 847 адамдын сөөгү урандылардын астынан табылганы маалымдалды.

Израилдин 2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан каза болгондордун жалпы саны 74 миң 618ге, жаракат алгандардын саны болсо 175 миң 920га жеткени кабарланды.

Газа тилкесинде дагы деле миңдеген адамдардын сөөгү урандылардын астында экени айтылууда.

Иликте
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады