САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп Нетаньяхуга Түркия менен кандайдыр бир келишпестикте "ийкемдүү" болууга чакырды
Трамп Нетаньяхуга Түркия менен кандайдыр бир көйгөйдү чечүүгө кирише аларын айтып, «ийкемдүү болушуң керек» деп эскертти.
Трамп Нетаньяхуга Түркия менен кандайдыр бир келишпестикте "ийкемдүү" болууга чакырды
Trump previously hailed Türkiye as a good country and Erdogan as a good leader. / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга Түркия менен кандайдыр бир пикир келишпестикте "ийкемдүү болуусу керектигин" айтканын билдирди. Трамп ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен мамилесин жогору баалап, ортодогу көйгөйлөрдү чече аларына ишенгенин маалымдады.

Нетаньяхуну Овал кеңсесинде кабыл алган Трамп журналисттерге билдирүүсүндө: "Түркия менен кандайдыр бир көйгөйүң бар болсо, мен аны чече алам деп ойлойм. Албетте сен да ийкемдүү болсоң. Ийкемдүү болушуң керек. Баарыбыз ийкемдүү болушубуз керек," – деди.

Нетаньяхуга кайрылган Трамп: "Биби, эгер Түркия менен бир көйгөйүң ​​болсо, аны чече аласың деп ишенем. Түркия жана анын лидерлери менен абдан жакшы карым-катнаштарым бар. Биз бул маселени чече алабыз деп ойлойм. Ошондуктан, бул көйгөй болбойт деп үмүттөнөм. Менимче, бул көйгөй болбойт," – деп кошумчалады. Трамп Нетаньяхуга кайрылып жатып Израилдин премьер-министринин каймана аты "Бибини" колдонду.

Трамп ошондой эле президент Эрдоган менен «эң жакшы мамиледе» экенин баса белгилеп, аны «катуу мүнөздүү, бирок абдан акылдуу» деп сыпаттады. Трамп Эрдогандын «башка эч ким жасай албаган нерсени жасаганын» айтты; бул сөздөрү менен ал өткөн жылдын декабрь айында Сириянын мурдагы лидери Башар Асаддын бийликтен кулатылышында Түркиянын негизги роль ойногонуна ишенимин дагы бир жолу кайталады.

Мурда да Түркияны «жакшы өлкө», президент Эрдоганды «жакшы лидер» деп сыпаттаган Трамп, элчиликке талапкерлер менен жолугушууда Түркияны мактап, андан кийин «Бул жакшы жер, лидери да жакшы»,- деген болчу.

Иликте
Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир мектепти жардыргыч заттар менен талкалады
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Ормуз кысыгынын батышында MQ-1 дронун атып түшүрдүк"
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль Газада дагы эки палестиналыкты өлтүрдү
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты
Түркия Сауд Арабиясына жасалган дрондук чабуулдарды катуу айыптады
ТКТР АКШнын Кипрдин рум башкаруучулугуна курал эмбаргосун узартуу чечимине өкүнүчүн билдирди
БРИКС лидерлери Израилдин палестиналыктарды күч менен көчүрүү аракетин четке кагышты
Түркия АКШнын Түштүк Кипрге курал-жарак эмбаргосун алып салуу чечими тууралуу билдирүү жарыялады
Украинадагы орусиялык чабуулдардан төрт адам каза болду; болот заводу жана турак жайлар зыян тартты
Түркия менен Азербайжандын ортосунда 3 ири электр долбоору пландалууда
Россияга карата шектенүү күчөп жатканда Болгариядагы курал заводунда экинчи жардыруу болду