ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Казакстан жана Россия: Каспий аймагы тынчтык жана кызматташтык аймагы бойдон калышы керек
Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Көшербаев менен Россиянын тышкы иштер министири Сергей Лавровдун сүйлөшүүсүндө Каспий деңизи аймагы тынчтык жана кызматташтык аймагы бойдон калышы керектиги баса белгиленди.
Казакстан жана Россия: Каспий аймагы тынчтык жана кызматташтык аймагы бойдон калышы керек
Россия - Казакстан / AP

Казакстандын тышкы иштер министри Көшербаев расмий иш сапары менен Астанага барган Россиянын тышкы иштер министри Лавров менен жолукту. Эки министр сүйлөшүүлөрдөн кийин басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Көшербаев сүйлөшүүлөрдө Казакстан менен Россиянын ортосундагы карым - катнаштардын кеңири стратегиялык өнөктөшүк жана союздаштык багытында өнүгүп жатканына дагы бир жолу тастыктагандарын билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министри Көшөрбаев Казакстан менен Россиянын карым - катнаштарынын туруктуу өнүгүүсүндө мамлекет башчыларынын ортосундагы ишенимдүү диалогдун мааниге ээ экенине көңүлдөрдү бурду. Бул алкакта ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылдын ноябрь айында Россияга расмий сапар менен барганын жана Россиянын президенти Владимир Путиндин да жакында Казакстанга келери пландалып жатканын айтты.

Министр Көшербаев Россиянын өлкөсүнүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп: "Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 миллиард доллардан ашты. Көптөгөн биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда, бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жогорку экономикалык интеграцияны айгинелейт", — деди.

Ошондой эле Көшербаев орус кесиптеши менен тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2027-2028-жылдарга карата кызматташуу боюнча иш-чаралар планына кол коюшканын билдирди. Ал бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты андан ары бекемдөөгө салым кошоруна ишенгенин билдирди.

Россиянын тышкы иштер министри Лавров дагы сүйлөшүүлөрдүн ар дайымкыдай эле, достук жана ишенимдүү атмосферада өткөнүн билдирди.

Учурда тарыхый этапта Россия менен Казакстандын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык байланыштардын байланыштырып турганын баса белгиледи. Лавров Россиянын Казакстандын соода өнөктөштөрүнүн арасында экинчи орунда турарын жана соода жүгүртүүдө чийки заттан башка товарлардын үлүшү 80 пайыздан ашканын белгилеп, бул көрсөткүч экономикалык карым  - катнаштардын жогорку сапатын көрсөтөрүн айтты.

Лавров Каспий деңизи кызматташтыктын дагы бир маанилүү багыты экенин баса белгилеп: "АКШ менен Израилдин Иранга каршы эч кандай провокациясыз баштаган куралдуу агрессиясы Каспий деңизине жана анын жээк аймактарына терс таасирин тийгизип жатканы өкүүчтүү экенин айтууга мажбурбуз. Каспий аймагы тынчтык жана кызматташтык аймагы бойдон калышы керек. Ушунун негизинде, беш Каспий өлкөсү үчүн соода жана логистика үчүн маанилүү болгон Анзали портунун инфраструктурасына 18-мартта Иранга каршы коалициянын кол салуусу кабыл алынгыс",- деди.

Иликте
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды