Түндүк Корея 2024-жылдан бери эки Кореянын ортосундагы чек арага болжол менен 960 000 мина койгон деп айтылууда.
Yonhap маалымат агенттигинин Түштүк Кореянын мыйзам чыгаруучуларына шилтеме жасап жазганына караганда, Түштүк Кореянын аскерлери бул маселе боюнча Улуттук Парламентине маалымат беришти.
Кабарда Түндүк Корея 2024-жылдан бери чек ара чептерин бекемдөөнү күчөткөнү жана Пхеньян эки Кореянын ортосундагы чек арага болжол менен 960 000 мина койгону кабарланды.
Түштүк Кореянын аскерлери Түндүк Кореянын аскерлеринин Аскердик делимитация сызыгында тикенек зымдарды орнотуу, миналарды коюу жана танкка каршы куралдарды жайгаштыруу сыяктуу иш-аракеттеринин көбөйгөнүн аныктаганы айтылды.
Ошондой эле айрым аскердик эксперттердин айтымында, эки өлкөнү бөлүп турган Демилитаризацияланган зонада (ДЗЗ) Түштүк Корея койгон миналар менен бирге 2 миллиондон ашык мина бар экени маалымдалды.




















