Пакистан менен Афганистан Талибаны чек арадагы окуялардан кийин Катарда сүйлөшүү өткөрөт
Пакистандык министрлер эки күндүк ок атышпоо келишимин үзгүлтүккө учураткан чек арадагы чабуулдардан кийин Талибан менен жолугушуу үчүн Дохага барат.
Пакистан бийликтери ишемби күнү Катарда афганистандык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул сүйлөшүүлөр Пакистандын коңшусу Афганистанга абадан сокку уруп, кеминде 10 киши каза болгондон бир күндөн кийин болуп жатат.
Пакистандын мамлекеттик телеканалы: “Коргоо министри Хаваджа Асиф менен чалгындоо кызматынын башчысы генерал Асим Малик бүгүн афган талиптери менен сүйлөшүү үчүн Дохага барат”,- деп билдирди.
Сүйлөшүүнүн болорун афган талиптеринин расмий өкүлү да ырастады.
Афган Талибаны өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахид X платформасынан Коргоо министри Мухаммед Якуб жетектеген Ислам Эмирлигинин жогорку деңгээлдеги делегациясынын бүгүн Дохага жөнөп кеткендигин билдирди.
Бир жумага созулган кандуу кагылышуулардан эки тараптан тең ондогон аскер жана жаран каза болуп, андан кийин 48 саатка созулган ок атышпоо жарыяланган. Бирок жума күнү кечинде Афганистан Пакистанды ок атышпоо келишимин бузуу менен айыптап, мунун өлүмгө алып келе турган кесепеттери болорун эскертти.
Талибандын жогорку мартабалуу бир жетекчиси AFP агенттигине берген маалыматында: "Пакистан ок атышпоо режимин бузуп, Пактика провинциясындагы үч аймакты бомбалады. Афганистан жооп кайтарат", - деди.
‘Так сокку’
Облустук оорукананын өкүлү AFP агенттигине берген билдирүүсүндө, кол салуулардан 10 адам каза болуп, 12 адамдын жаракат алганын, каза болгондордун арасында эки баланын бар экенин билдирди.
Афганстандын крикет кеңеши AFP агенттигине жергиликтүү турнирге катышуу үчүн аймакка келген үч оюнчунун каза болгонун, мурда кабарланган сегиз адамдын өлүмү тууралуу маалыматтын жаңыланганын билдирди. Кеңеш ошондой эле кийинки айда Пакистан да катыша турган Үч тараптуу T20I сериясынан баш тартканын жарыялады.
Пакистандын жогорку даражалуу коопсуздук кызматкери AFP агенттигине Пакистан күчтөрүнүн афган чек ара аймактарында, Техрик-е-Талибан Пакистан (ТТП) террордук уюумна караштуу Хафиз Гул Бахадур тобун так аба соккулары менен бутага алганын айтты.
Исламабад бул топтун Түндүк Вазиристан районундагы аскердик лагерде жанкечтилик жардыруу жана куралдуу кол салууларды ишке ашырганын,бул кол салууда жети пакистандык аскердин каза болгонун билдирди.