АКШнын вице - президенти Вэнс Вашингтондун Индиянын Индиянын башкаруусу астындагы Кашмирде акыркы мезгилде жасалган кол салууга бере турган жообунун кенен масштабдуу аймактык кагылышууга жол бербей тургандыгын ойлогонун айтты.
Вэнс АКШнын кеңири регионалдык чыр-чатакты алдын алууну каалаарын айтты.
Fox News каналында жарыяланган “Special Report with Bret Baier” программасында берген маегинде Вэнс: «Бул террордук кол салууга Индиянын бере турган жообу кенен масштабдуу аймактык кагылышууга жол ачпашы бул жердеги биздин үмүтүбүз»,- деди.
Вэнс Вашингтондун кол салуудан жооптуулардын кармалышы үчүн Пакистандын Индия менен кызматташуу түзөрүнөн үмүттүү экендигин айтты.
Чыңалуу күч алууда
Бул абал мамлекеттин көзөмөлүндөгү медианын билдиргенине караганда Пакистан армиясынын чыгыштагы коңшусу Индия менен күч алган чыңалуулардын ортосунда кенен масштабдуу аскердик машыгууларды өткөрүшүнөн бир күндөн кийин болду.
"Radio Pakistan" бейшемби күнү коопсуздук булактарына таянып берген кабарында; согуштук машыгууларынын согуштук стратегиянын алкагында заманбап куралдардын практикалык көрсөтмөлөрүн камтыгандыгын, бул машыгууларда офицерлердин жана аскерлердин профессионалдык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөткөнүгүн билдирди.
Индия менен Пакистандын ортосундагы карым - катнаштар акыркы жылдардын эң төмөнкү деңгээлине түштү. Индиянын башкаруусу астындагы Кешмирде куралдуу кишилердин туристерге карата жасаган жана 26 киши каза болгон кол салуудан кийин Индия Пакистанды «чек ара терроризмин» колдоо менен айыптады.
Исламабад болсо бул кол салуу менен байланышы бар экендигин четке какты, Пакистанды кол салуу менен байланыштыруу аракеттерин «негизсиз» деп мүнөздөдү жана Индиянын ыктымалдуу бир кыймылына жооп кайтаруу убадасын берди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шаршемби күнү Түштүк Азиядагы чыңалууну басаңдатууга чакырды.
Бириккен Улуттар Уюму эки өлкөнү "максималдуу сабырдуулукка" чакырып, маселелердин «маанилүү өз ара сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечилиши» керектигин баса белгиледи.
Кашмир маселеси
Пахалгам кол салуусунан кийин эки тарап тең бир нече жооп кайтаруу чараларын ишке ашырды.
Индия Пакистан менен турмуштук мааниге ээ болгон суу бөлүшүү келишими болгон Индус суусу келишимин токтотту жана активдүү иштеп жаткан бир гана кургактык чек ара капкасын жапты. Өзгөчө жекшемби күндөн тарта Пакистан жарандарына берилген визаларды жокко чыгарды.
Пакистан болсо буга жооп катары Инд жарандарына берилген визаларды жоюп, Индиянын авиакомпанияларына аба мейкиндигин жапты. Индия менен кол коюлган Симла келишимин да токтотту. 1972 - жылы түзүлгөн бул келишим өзгөчө Кашмир маселесине көңүл бурган тынчтыктын түзүлүшүн жана келишпестиктердин эки тараптуу жолдор менен чечилишин максат кылып жаткан.
Индия менен Пакистан 1947 - жылы Британия башкаруусунан көз карандысыздык алгандан кийин мурун княздык болгон бул жер үчүн согушкан; чек ара үй-бүлөлөрдү бөлгөн.
Индиянын башкаруусу астындагы козголоңчулар 1989-жылдан бери эгемендүүлүктү же Пакистан менен биригүүнү талап кылып, куралдуу козголоң уюштуруп келишет.
Дели өкмөтү көпчүлүгү мусулман болгон Индиянын башкаруусу астындагы Кашмирге 500,000ге жакын аскерин жайгаштырды.
Акыркы жумаларда Моди өкмөтү мусулман уюмдарына, басылмаларына жана мектептерине каршы кысымын күчөтүп, бул аймакта баш аламандыктарды жаратты.
Ошол эле учурда Индия талаштуу аймактарда кашмирлик эмес тургундарга 82 000 жашоого уруксатын берди, бул да атайылап жасалган демографиялык өзгөрүүнү жаратат деген кооптонууга жол ачты.
Пахалгам кол салуусунан кийин Индия башкаруусундагы Кашмирде 1500дөн ашуун киши камакка алынды.
Ошол эле учурда Индиянын түрдүү шаарларында көпчүлүгү студент болгон кашмирдик мусулмандардын индус оңчул топтордун кол салуусуна учурагандыгына байланыштуу кабарлар чыкты.









