Түркия Канададагы аскердик базада кечээ болгон жарылуудан улам бул өлкөгө көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлиги Канаданын Альберта шаарындагы аскердик базада болгон жарылууга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Билдирүүдө адамдардын өлүмү терең кайгыга салганы баса белгиленип, "Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана Канада элине көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз" деген сөздөр камтылды.
Канаданын Альберта шаарындагы Уэйнрайт аскердик базасындагы жарылуудан төрт жоокер каза болуп, көп сандаган аскерлер оор жаракат алышкан.






















