ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан Палестина мамлекетин 1967-жылдагы чек боюнча курулушун талап кылды
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Исламабаддын негизги приоритетинин Израилдин Газага таңуулаган геноцидин дароо токтотуу экенин айтты.
Пакистан  Палестина мамлекетин 1967-жылдагы  чек боюнча курулушун талап кылды
Пакистандын премьер-министри Шариф 2025-жылдын 13-октябрында Шарм-эль-Шейхте (Египет) Газадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөдү / Reuters

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф шейшемби күнү Исламабаддын Палестина маселесин чечкиндүү колдой турганын кайталады, ал эми Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Куала-Лумпур Газага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Газадагы тынчтык саммитине катышуу үчүн Шарм-эль-Шейхке келген Шариф ал кеткенден кийин X платформасында Палестина элинин эркиндиги, кадыр-баркы жана бакубаттуулугу “Пакистандын эң башкы приоритети” экенин билдирди.

Шариф X платформасында "1967-жылга чейинки чек араларга негизделген, борбор шаары Аль-Кудс аш-Шариф болгон күчтүү жана туруктуу Палестина мамлекетинин түзүлүшү Пакистандын Жакынкы Чыгыш саясатынын негизи болуп саналат жана ошол бойдон кала берет",- деп жазды.

Шариф Пакистандын башкы приоритетинин Газага жасалган геноцидди ароо токтотуу экенин белгилеп, АКШнын президенти Дональд Трамптын бул багыттагы ролун мактады.

Шарифтин айтымында, Трамп президент болуп турганда "аны токтотууга убада берген жана ал убадасын аткарганын" айтты.

Египет дүйшөмбү күнү Израилдин палестиналыктарга каршы эки жылдан берки геноцидин токтотууну максат кылган Газа тилкесинде тынчтык саммитин өткөрдү.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим шейшембиде Куала-Лумпур БУУнун, Араб Лигасынын же Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) талабы боюнча Газага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Malay Mail гезитинин жазганына караганда, парламентте сүйлөгөн Анвар Малайзия буга чейин бул маселеге эч качан "жок" деп айтпаганын жана тынчтыкты сактоо зарыл болгондо ар дайым аскерлерин жибергенин айтты.

«Тынчтыкты сактоо миссиясы Газадагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эң жакшы кепилдиктердин бири экенине кошулам», - деди Ибрагим.

Индонезия да Газага 20 миң аскер жөнөтүүгө убада берди.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди