ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Гөргүн: Максат 11 миллиард долларлык экспорт жана алдыңкы 10го кирүү
Коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Гөргүн коргонуу жана аэрокосмостук экспортту кыска убакыттын ичинде 11 миллиард доллардан ашык көбөйтүүнү көздөп жатышканын жарыялады.
Гөргүн: Максат 11 миллиард долларлык экспорт жана алдыңкы 10го кирүү
Гөргүн: Түркияны коргонуу жана аэрокосмостук экспортто дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошууну максат кылып жатабыз. / AA

Түркиянын жана Европанын эң ири коргонуу, авиация жана космостук өнөр жай кластери болгон SAHA Стамбул тарабынан уюштурулган SAHA-2026 эл аралык коргонуу, авиация жана космостук өнөр жай жарманкеси Стамбул жарманке борборунда башталды.

Ачылыш аземине Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр, Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Халук Гөргүн, SAHA Стамбул төрагасы Халук Байрактар, Baykar төрагасы Селчук Байрактар ​​жана көптөгөн өлкөлөрдөн жогорку даражалуу расмий адамдар катышты.

"Технологиябызды тынчтыктын жана коопсуздуктун кепилдиги катары көрөбүз"

Жарманкенин ачылышында сөз сүйлөгөн Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Гөргүн Түркиянын коргоо өнөр жайынын кубаттуулугу эл аралык деңгээлде мойнуна жаңы милдеттерди жүктөгөнүн белгилеп, сөзүн мындайча улантты:

"Түркиянын бул тема боюнча мамилеси ачык. Биз күчүбүздү башаламандыкка эмес, туруктуулукка кызмат кылууга жумшап жатабыз. Технологиябызды чыңалуунун куралы катары эмес, тынчтыктын жана коопсуздуктун кепилдиги катары көрөбүз. Бул түшүнүк менен акыркы 12 айда 185 өлкөгө коргонуу жана аэрокосмостук экспортто жалпысынан 10,5 миллиард долларга жетиштик. Жакында 11 миллиард доллардан ашып, Түркияны коргонуу жана аэрокосмостук экспортто дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошууну максат кылып жатабыз".

Гөргүн жетишилген ийгиликтер президент Режеп Таййип Эрдогандын күчтүү эрки, стратегиялык мамилеси жана көз карашы, ошондой эле тынымсыз эмгек, инженердик мүмкүнчүлүктөр жана мекенге болгон сүйүүсүнө негизделгенин билдирди.

"Маанилүү технологияларда чет элдик булактарга көз карандылыкты жоебуз"

Халук Гөргүн: "Биз аанилүү технологияларда чет элдик булактарга көз карандылыкты жок кылабыз. Экспортубузду туруктуу түрдө өстүрөбүз. Компанияларыбыздын глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн андан ары жогорулатабыз. Мамлекеттик сектордун, өнөр жайдын жана академиялык чөйрөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдейбиз. Негизги подрядчылар менен чакан жана орто ишканалардын ортосундагы байланышты натыйжалуураак кылабыз. Адам ресурстарыбызды технологиялык максаттарыбызга ылайык өнүктүрөбүз. Бул максаттарга жетүү үчүн дос жана союздаш өлкөлөр менен ишенимге негизделген жаңы кызматташтыктарды өнүктүрүү өтө маанилүү", - деп билдирди.

Гөргүн Түркия коргоо өнөр жайында ишенимдүү, тажрыйбалуу жана узак мөөнөттүү ой жүгүрткөн өнөктөш экенин баса белгиледи.

Иликте
Стамбул аэропорту Европадагы алдыңкы ордун сактап калды
Эрдоган: Түркия Иран-АКШ тирешүүсүн токтотуу үчүн аракет кылууда
Түркия ЕПге каршылык көрсөттү: "Тарыхый чындыктар бурмаланууда"
Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын Афинада грек кесиптеши менен жолугушту
Стамбулда ДЕАШ менен байланышы бар деп шектелген киши операция учурунда жок кылынды
Байрактар АКЫНЖЫ улуттук багыттоочу комплекттерди колдонуп, буталарга таамай сокку урду
Эрдоган: "Түркиянын ШКУга кошулушу Батышка аркасын салуу деген маанини билдирбейт"
Президент Эрдоган: «Греция демилитаризацияланган аралдарды куралдандырууну токтотушу керек»
Стамбул жээгинде эки коммерциялык кеме кагылышып, экипаждын 10 мүчөсү дайынсыз жоголду
Түркиянын адилет министри Гүрлек грек кесиптеши Флоридис менен сүйлөштү
Президент Эрдоган Путин менен жолугушту
Түркия космосту изилдөөдө жаңы кадам таштады: Артемида келишимине кол коюлду
Түрк коргоо өнөр жайы дүйнөлүк гиганттар менен атаандашууда
Министрлер Фидан менен Гүлер, Пакистандын Тышкы иштер министри Дар менен Бишкекке бара жатышат
Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту
Президент Эрдоган Шанхай саммитине катышат
Түркия Түндүк Кипрдин жээгинде оодарылып кеткен кемеде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Коммуникация башчысы Дуран 30-Август Жеңиш майрамы боюнча билдирүү жарыялады
Президент Эрдоган: «Эч ким Түркияны ыйык күрөшүнөн токтото албайт»
Тышкы иштер министрлиги: Эл аралык коомчулук Нетаньяху өкмөтүнүн калптарына ишенбейт