Пакистанда жүргүнчү ташыган поезддин рельстен чыгып кетишинин себебинен беш адам каза болуп, 30 адам жаракат алды.
Dawn гезитинин маалыматына караганда, Пешаварга бара жаткан жүргүнчү поезди Мултан аймагындагы станциянын жанында белгисиз себептерден улам рельстен чыгып кетти.
Пакистан темир жолдорунун өкүлү гезитке кырсыктан беш адам каза болуп, 30дан ашык адам жаракат алганын билдирди.
Поезддин инженери Ризван Аббас жүргүнчү ташыган поезд саатына 100 чакырым ылдамдыкта бара жатканын айтты.
Geo News гезитинин кабарына караганда, куткаруучу топтор 13 вагондогу жүргүнчүлөр эвакуацияланганын жана бир вагондо иштер уланып жатканын билдиришти.
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жаракат алган жүргүнчүлөрдүн абалына тынчсыздануусун билдирип, куткаруу иштерин тездетүүнү жана жаракат алгандарга кечиктирбестен зарыл медициналык жардам көрсөтүүнү буйруду.
Акыркы бир жылда өлкөдө болгон бир катар поезд кырсыктары Пакистан темир жолдорунун поезддерди жана темир жол линияларын тейлөөдөгү шалаакылыгы жана структуралык көйгөйлөрү боюнча тынчсызданууларды күчөттү.



















