ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Украинанын Россиянын жер семирткич заводуна карата кол салуусунда 7 киши каза болду
Москва согуш учурундагы орус инфраструктурасына жасалган оор кесепеттүү чабуулдардын биринде, Смоленсктеги өнөр жай объектисине ондогон учкучсуз учуучу аппараттардын чабуул жасаганын айтууда.
Украинанын Россиянын жер семирткич заводуна карата кол салуусунда 7 киши каза болду
2025-жылдын 16-декабрында Украинанын Донецк облусунда фронтко жакын жерде украин аскери "Darts" чабуулчу учкучсуз аппаратын (УЧА) учурууга даярданууда. / Reuters

Орус жетекчилери шаршемби күнү Украинанын дронд чабуулу Росиянын батышындагы Смоленск облусунда жайгашкан жер семирткич заводунда жети адамдын өлүмүнө жана 10 адамдын жаракат алышына себеп болгонун кабарлашты.

Завод Россиянын Дорогобуж шаарынын тышында Украина чек арасынан 290 чакырым (180 миль) алыстыкта ​​​​жайгашкан.

Социалдык тармактарда тараган жана тактала элек видеолордо шаршемби күнү эртең менен заводдо өрт чыкканы, түтүн устундар көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот.

Смоленск облусунун губернатору Василий Анохин Telegram баракчасында: «Душман азот жер семирткичтерин чыгарган жарандык PJSC Dorogobuzh ишканасына чабуул койду», — деп билдирди.

Оор кылмыштарды иликтеген Россиянын Тергөө комитети кийинчерээк каза болгондордун санын тактап, жети адам каза болгонун кабарлады. Бул төрт жылга созулган согуштагы Россиянын өнөр жай объектисине жасалган эң кандуу чабуулдардын бири катары баа берилүүдө.

Украина билдирүүсүндө «жарылуучу заттар менен жабдылган кеминде 30 дрон» учурулганын жана мунун «олуттуу зыянга» алып келгенин билдирди.

Губернатор Анохин кошумчалагандай: Куткаруу топтору шаршемби күнү эртең менен өрттү көзөмөлгө алышты; бийликтер коопсуздук максатында коңшу айылдын тургундарын эвакуациялоо маселесин карап жатышат.

Орус маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, объектке өткөн жылдын декабрь айында да кол салуу болгон.

Жарандарды бутага алганын четке каккан Украина дароо комментарий берген жок.

Москванын 2022-жылы баштаган Украинага кол салуусунан кийин, Украина Орусиянын чек арасы аркылуу миңдеген дрондорду учурду, алардын айрымдары фронттон жүздөгөн километр алыстыкка түшкөн.

Чабуулдар көп учурда Россиянын мунай жана газ секторун, ошондой эле башка өнөр жай ишканаларын бутага алып, миллиарддаган долларлык зыян келтирүүдө.

Киев бул чабуулдар — Россиянын өз жарандарына каршы уюштурган, жүздөгөн адамдардын өлүмүнө жана Украинанын энергетикалык инфраструктурасына оор чыгым алып келген соккуларына карата жооп кайтаруу экенин айтууда.

Иликте
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту
Трамп: Эрдоган мыкты эле, НАТО узун жолду басып өттү
Иран жаңы чабуулдардан кийин АКШны эскертти жана Тегерандын Ормуз кысыгынын тагдырын чечерин айтты
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"