ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль Батыш Шериада палестиналыктардын үйлөрүн жана айыл чарба курулушун талкалады
Израиль аскерлери оккупациядагы аймактарда талкалоо күчөгөн сайын Рамаллага жакын жерде дагы көптөгөн имараттарды жер менен жексен кылышты.
Израиль Батыш Шериада палестиналыктардын үйлөрүн жана айыл чарба курулушун талкалады
Израиль палестиналыктардын үйлөрүн талкалоону улантып жатат. / AP

Күбөлөрдүн айтымында, Израиль аскерлери шейшемби күнү Батыш Шериада Рамалланын батышындагы Бейт-Ликья шаарчасында үч үйдү жана бир айыл чарба курулушун талкалашты.

Anadolu агенттигине берген маегинде күбөлөр, Израиль аскерлеринин бульдозер менен шаарга кирип, уруксатсыз курулган деген шылтоо менен имараттарды талкалаганын билдиришти.

Палестинанын аймактарында Рамазан айынын жетинчи күнүндө болгон бул окуя Израиль мусулмандар үчүн орозо айынын маанисин этибарга албай жаткандай таасир калтырат.

Израиль көбүнчө Батыш Шерианын айрым жерлеринде палестиналыктардын үйлөрүн жана курулуштарын талкалайт, мунун себеби катары курулуш уруксаттарынын жоктугун айтат.

Расмий мекеме болгон Палестинанын дубал жана конуштарга каршылык көрсөтүү комитетинин маалыматына караганда, Израиль январь айында 59 талкалоо операциясын жүргүзүп, 126 палестиналык курулушка таасир этти, алардын 77синде адамдар жашайт. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү 40 имаратты бузууга буйрук чыгарышкан, алардын көпчүлүгү Хеврон аймагында жайгашкан.

2023-жылдын октябрь айында Израилдин Газага каршы геноциддик согушу башталгандан кийин оккупациядагы Батыш Шериада зомбулук күчөдү. Палестиналыктардын маалыматына ылайык, Батыш Шериада 1116дан ашык палестиналык өлтүрүлүп, болжол менен 11 500 адам жараланды жана 22 000ге жакын адам камакка алынды.

2024-жылдын июль айында Эл аралык адилет соту Израилдин Палестина аймактарын басып алышын мыйзамсыз деп жарыялап, Батыш Шериадагы жана Чыгыш Кудстагы бардык конуштарды эвакуациялоону талап кылган.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды