ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Таиланд мина жарылгандан кийин Камбоджа менен тынчтык келишимин токтотту
Камбоджа Малайзияда кол коюлган тынчтык келишимине берилгендигин баса белгилейт.
Таиланд мина жарылгандан кийин Камбоджа менен тынчтык келишимин токтотту
Тайланд мина жарылгандан кийин Камбоджа менен тынчтык келишимин токтотту. / Reuters
11 Ноябрь 2025

Таиланд дүйшөмбү күнү чек ара аймагында мина жарылып, тайланддык аскерлер оор жаракат алгандан кийин Камбоджа менен болгон тынчтык келишимин токтотту.

Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул Thai PBS телеканалына берген маегинде: "26-октябрда Куала-Лумпурда кол коюлган Таиланд-Камбоджа карым - катнаштары боюнча биргелешкен билдирүүнүн алкагындагы бардык операциялар дароо токтотулушу керек", - деди.

Эки өлкө келишимге АКШнын президенти Дональд Трамп менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин катышуусунда кол коюшкан.

Камбоджа менен Таиланд бир нече жумалык кагылышуулардан кийин Энвердин демилгеси менен өткөн үч тараптуу жолугушууда 28-июлда эч кандай шартсыз ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан.

Анутин: "Биз үмүттөнгөн согуштук аракеттер басаңдабаганы ачык. Бүгүн эртең мененки окуядан кийин кызматташуу азырынча улана албайт", - деди.

Минанын жарылышы аскерлердин Си Са Кет чек ара провинциясын кайтарып жаткан учурда дүйшөмбү күнү эрте менен болду.

Жарылууда эки аскер жаракат алып, алардын бири оң бутунан айрылса, экинчиси көкүрөгүнөн жаракат алган.

Анутин журналисттерге келечекте тынчтык келишиминдеги ар кандай жылыштар Таиланддын кызыкчылыктарына кызмат кылса гана ишке ашаарын билдирди.

Коргоо министри генерал Наттхапон Накпанич "расмий каршылыктар дароо берилет" деп билдирди, ошондой эле "Согуш туткундарынын маселеси азырынча токтотулат. Эгерде бул аракет атайылап жасалганы аныкталса, анда анын кесепети оор болот",- деп кошумчалады.

Өкмөттүн катчысы Сирипонг Ангкасакулкиат токтотуунун "белгисиз" экендигине байланыштуу "бир нерсе айтууга эрте" экендигин айтып: "Арыз берилгенден кийинки кадамдарды карап чыгабыз",- деп билдирди.

Khmer Times гезитинин маалыматына ылайык, Камбоджа Куала-Лумпурдагы биргелешкен билдирүүгө берилгендигин баса белгиледи.

Коргоо министрлигинин мамлекеттик катчысы генерал-лейтенант Рат Дарарот Пномпень "өз милдеттенмелерин аткарууга чечкиндүү экенин жана эки өлкөнүн жана элдин жалпы жыргалчылыгы үчүн Таиланд менен тыгыз иштешүүгө даяр экенин" билдирди.

Камбоджанын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүсүндө, Пномпень Таиланддын тынчтык келишимин токтотуу чечимине "терең тынчсыздануусун" билдирди. Ошол эле учурда, АКШ борбору болгон Facebook социалдык медиа платформасындагы билдирүүдө: "Камбоджанын Королдук Өкмөтү Таиланд тарабынан чек арага Камбоджа тарабынан жаңы миналар коюлган деген дооматты кескин түрдө четке кагат",- деп айтылды.

Билдирүүдө 1970 - 1980 - жылдардагы Камбоджа жарандык согуштарга байланыштуу жана дээрлик отун жылга жакын убакыттан бери Камбоджа - Таиланд чек арасындагы мина талааларынын “кыйын жер шарттары жана чек ара аймактарынын так чектеринин болбошунан” улам тазалана албагандыгы белгиленип, өзгөчө : “Камбоджа эл аралык коомчулугунун чоң кубаттоосу менен кол коюлган Биргелешкен декларацияны ишке ашырууга берилгендигин улантууда",- деп айтылды.

Иликте
АКШ аскердик учагы Ирактын батышында кулады
Эрбилдеги дрон чабуулунан бир адам каза болуп, жети француз аскери жаракат алды
Пакистан Кабул жана Ооганстандын чек ара аймактарына жаңы аба соккуларын жасады
АКШ, Россия жана Кытайдын ортосунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишпестик
Израилдин Бейруттагы чабуулунан эки адам каза болду
Нетаньяху Ирандын жаңы Жогорку лидерин коркутуп, АКШ менен Израилдин чабуулун жактады
Кытай Ормуз кысыгындагы бардык тараптарды кемелерге кол салууну дароо токтотууга чакырды
Хакан Фидан: "Түркия Иранда жарандык согушту тутантууга багытталган ар кандай планга каршы"
Батыш Ирактагы аба соккусунан 30 адам каза болду
Түркия Грециянын аралдардын демилитаризацияланган статусун бузуп жатканын билдирди
Эл аралык энергетика агенттиги: Жакынкы Чыгыштагы согуш  мунай жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратты
Ирак сууларында эки чет элдик мунай танкери өрттөнүп, бир адам каза болду
Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган АКШ, Израиль жана  өнөктөштөрүнүн кемелерин эскертти
Иран мектепке кол салууну "кечирилгис согуш кылмышы" деп сыпаттады
Эрдоган Түркиянын тынчтыкты жактаганын баса белгиледи