ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
"Мен жекшемби күнү БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу жана Трамп менен жолугушуу үчүн учакка отурам жана Трампка Бразилиядагы шайлоого кийлигишпөөнү айтам".
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Лула да Силва шайлоо өнөктүгү учурунда тарапташтарына кайрылды

Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 81-Башкы Ассамблеясында АКШнын президенти Дональд Трампты октябрь айында өтүүчү президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин билдирди.

Шайлоо өнөктүгү учурунда жактоочулары менен сүйлөшүп жатып Лула да Силва Нью-Йоркто өтүүчү БУУнун 81-Башкы Ассамблеясында Трампка айта турган билдирүүсү тууралуу сөз кылды.

Лула да Силва: "Мен жекшемби күнү саат 10:00дө БУУнун Башкы Ассамблеясына катышуу жана Трамп менен жолугушуу үчүн учакка отурам жана Трампка Бразилиядагы шайлоого кийлигишпөөнү айтам", - деди.

Бразилиянын эч кимдин "колониясы" болгусу келбей турганын баса белгилеген Лула да Силва өз өлкөсү эгемендүү болгусу жана эли тарабынан башкарылгысы келерин айтты.

Лула да Силва Вашингтон менен жакшы мамиледеги атаандашы, мурдагы президент Жаир Болсонаронун уулу сенатор Флавио Болсонарону бутага алып: "Бул өлкө күндүз мамлекеттик желекти көтөрүп, түнкүсүн АКШнын желегинин алдында тизе бүккөн саясатчыларга жол бербейт", - деп билдирди.

Бразилиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 4-октябрда өтөт.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, ат салышуу азыркы президент Лула да Силва менен оңчул талапкер сенатор Флавио Болсонарунун ортосунда болот.

Иликте
НАТОнун жылдык ядролук куралдан коргонуу машыгуусу 13-октябрда башталат
АКШга жакындаган Исаиас бороонуна байланыштуу мажбур эвакуациялоо буйругу берилди
Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылууда
Зеленский, Украинанын сүйлөшүү тобу эртең Виткофф жана Кушнер менен жолугушарын билдирди
Түркия менен Кытай космостук технологиялар боюнча келишимге кол коюшту
УКМ: Сауд Арабиясына аскердик күчтөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана жайгаштыруу чаралары каралды
Россия менен Украинанын бири-бирине кол салууларынан кеминде 56 киши каза болду
Түркиянын тогуз айдагы автомобиль экспортунда ЕБ алдыңкы орунда
Отчет: Иран согушунда АКШнын 81 аскердик аба техникасы жоголду же зыян тартты
Түркия да 2036-жылкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкер
CNN: Стамбул аэропорту Лондонду тактыдан түшүрүп, асманга үстөмдүк кылууда
Эль-Ниньо Тынч океандын температурасын рекорддук деңгээлге жеткириши мүмкүн
30 долларга алынган картина аукциондо 1,35 миллион долларга сатылды
Кытайлык хакер Түштүк Кореянын банктарына киберчабуулдарда жасалма интеллектти колдонгон
Францияда студенттердин нааразычылыгы өлкөнү башаламандыкка алып келди