ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ: Курчоого алынган Газада азык-түлүк запасы түгөнүп, ачарчылык күчөдү
UNRWA башкы комиссары: «Израилдин өкмөтү тамак-аш жана башка негизги керектөөлөрдү киргизүүнү улам тыйып келүүдө. Бул адам тарабынан жасалган жана саясий себептер менен шартталган ачарчылык», - деп билдирди.
00:00
БУУ: Курчоого алынган Газада азык-түлүк запасы түгөнүп, ачарчылык күчөдү
Palestinians wait in long lines with to get food aid distributed by the World Food Programme (WFP) at the Nuseirat Refugee Camp, located 5 kilometers northeast of Deir al Balah and 8 kilometers south of Gaza City, on April 26, 2025. / AA

Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам агенттиги (UNRWA) согуштан кыйраган Газа тилкесинде азык-түлүк запастары түгөнүп, ачарчылык кризиси тереңдеп баратканын жарыялады.

UNRWA жекшемби күнкү билдирүүсүндө, «Газада ачарчылык күндөн-күнгө күчөп баратат. Адамдар, анын ичинде көптөгөн балдар кайрымдуулук уюмдары тараткан ысык тамактын бир бөлүгүн алуу үмүтү менен күтүп жатышат», - деп айтылат.

Качкындарга жардам агенттиги Газада ушул жумадан тарта ун запасы толугу менен түгөнүп калганын билдирип, «Өмүр куткаруучу жардамдарды ташыган 3 миңдей UNRWA жүк ташуучу унаасы Газага кирүүнү күтүп жатат. Курчоо токтотулушу керек» деген чакырык таштады.

UNRWAнын башкы комиссары Филипп Лазарини билдирүү жасап, блокададагы Газада палестиналык балдардын ачкачылыктан өлүп жатканын билдирди.

Лазарини: «Израилдин өкмөтү тамак-аш жана башка эң керектүү нерселердин өлкөгө киришине бөгөт коюуну улантууда. Бул адам тарабынан жасалган жана саясий жүйө бар ачкачылык кризиси», - деди. Лазарини жардам чакырыктары да жоопсуз калганын баса белгиледи.

Израилдин эзүүсү тереңдеп баратат

Израил 2-марттан бери Газа тилкесине азык-түлүк, дары-дармек жана гуманитардык жардамды киргизбей жатат. Өкмөт өкүлдөрү, укук коргоо уюмдары жана эл аралык отчеттор бул абал аймактагы гуманитардык апаатты ого бетер курчутуп жатканын айтышууда.

 2023-жылдын октябрынан бери Израилдин кол салууларынын натыйжасында Газада 52 миңден ашуун палестиналык каза болду. Каза болгондордун көбү аялдар жана балдар.

Бир тараптан Эл аралык кылмыш соту (ICC) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галланттын былтыр ноябрда Газада жасалган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камоого ордер чыгарган.

Израиль дагы Газадагы согушу үчүн Эл аралык Адилет Соту тарабынан геноцид үчүн соттолууда.

Иликте
Түрк аба жолдору Кытайдагы учуу желесине Чэндуну да кошту
АКШнын Коргоо министри Иранга каршы блокаданы "чексиз мөөнөткө" уланта ала тургандарын айтты
Нетаньяху Британияны "Ислам Республикасы" деп сыпаттады
АКШнын Иранга каршы согушу Кытайда электр жүк ташуучу унаалардын сатылышын көбөйттү
Ормуз кысыгында БАЭге таандык эки ADNOC танкери бутага алынды
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция