ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия - Ирак сүйлөшүүсүндө чек ара коопсуздугу жана террор менен күрөш күн тартибинде
Тараптар ок атышпоо процессиндеги акыркы абалдарды карап чыгып, Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуу да талкууланды.
Түркия - Ирак сүйлөшүүсүндө чек ара коопсуздугу жана террор менен күрөш күн тартибинде
/ AA

Түркиянын Улуттук Чалгындоо Уюмунун (MIT) жетекчиси Ибрахим Калын шейшемби күнү Багдадда ирактык расмий өкүлдөрү менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүп, чек ара коопсуздугун чыңдоо жана терроризмге каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Калын алгач Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа аль-Судани менен жолугушуп, андан кийин президент Абдул Латиф Рашид менен жолугушуу өткөрдү. Коопсуздук булактарынын маалыматына ылайык, бул жыйынга Ирактын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Фуад Хусейн да катышты.

Сапардын алкагында Калын коргоо министри Сабит Аббаси, Улуттук чалгындоо кызматынын башчысы Хамид аль-Шатри, Эгемендик альянсынын лидери Хамис аль-Ханджар жана Өкүлдөр кеңешинин төрагасы Махмуд аль-Машхадани менен да жолугушууларды өткөрдү.

Жыйындарда эки тарап тең чек араларды коопсуздандыруу жана террордук коркунучтарды жок кылуу боюнча координациялуу аракеттер менен “террордон тазаланган Түркия” максатында таштала турган кадамдарды талкуулашты.

Багдад тарабы Анкарага бардык деңгээлде толук колдоо көрсөтөрүн дагы бир жолу билдирди. Жолугушууларда аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту арттыруу мүмкүнчүлүктөрү менен эки тараптуу мамилелердин жалпы абалы талкууланды.

Иран менен Израилдин ортосундагы абалдар да күн тартибине келди жана тараптар ок атышпоо процессиндеги акыркы абалдарга баа беришти.

Калын андан кийин Ирак Түркмөн фронтунун (ITF) төрагасы М. Семан Агаоглу жана ITFтин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда түркмөн калкы көп жашаган аймактардагы коопсуздуктун абалы менен таанышып, алдыдагы шайлоого даярдыктар тууралуу маалымат алышты.

Иликте
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду