Эрдоган: «Израилдин Газаны басып алуу чечими «такыр кабыл алынгыс»
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Түркиянын Газада ок атышпоо үчүн дипломатиялык аракеттерин улантканын белгиледи.
Израилдин Газа тилкесин аскердик көзөмөлгө алуу чечими "такыр кабыл алынгыс" деп эсептейт Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Бул тууралуу ал Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди.
Түркиянын Коммуникация башкармалыгынын маалыматына ылайык, ишемби күнү эки лидер Израилдин Газага жасаган чабуулдарын жана аймактагы акыркы окуяларды талкуулашты.
Эрдоган бул сүйлөшүүдө Түркия Палестинанын жанында болууну уланта турганын дагы бир жолу баса белгиледи.
Франция, Британия жана Канаданын Палестина мамлекетин таануу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүлөрүн баалуу деп атаган Эрдоган, Батышта Израилге карата сын-пикирлердин көбөйүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, Түркия аймакта тынчтыкты орнотуу үчүн аракеттерин уланта турганын кошумчалады.