ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
MSF: Израиль Газаны “массалык көрүстөнгө” айландырды
Медициналык жардам агенттиги, Газаны массалык көрүстөн деп сыпаттады.
MSF: Израиль Газаны “массалык көрүстөнгө” айландырды
Israel's blockade is worsening the medical crisis in Gaza’s hospitals. / Reuters

Медициналык жардам агенттиги MSF, шаршемби күнү Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндө кеминде 13 адамды өлтүргөнүн жана түштүктөгү Рафахта үйлөрдү бузууну улантып жатканын билдиргенден кийин Газа палестиналыктар жана аларга жардам берүүгө аракет кылгандар үчүн “массалык көрүстөнгө” айланганын билдирди.

Палестиналык медицина кызматкерлери, бир аба соккусунан 10 киши, анын ичинде белгилүү жазуучу жана фотограф Фатема Хассунанын каза болгонун билдиришти. Ал Газа шаарындагы эли согуш учурунда башынан өткөргөн кыйынчылыктарды сүрөттөрү аркылуу чагылдырган. Түндүктөгү башка үйгө жасалган сокку болсо үч кишинин өмүрүн алганы маалымдалды.

Израиль армиясы тарабынан эч кандай билдирүү жасалган жок.

Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында тургундар Израилдин аскер күчтөрү шаардагы дагы көптөгөн үйлөрдү кыйратканын билдиришти. Акыркы күндөрү шаар толугу менен Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Израилдин жетекчилери бул аракеттерди коопсуздук аймактарын кеңейтүү жана барымтада калгандарды бошотуу үчүн Хамаска кысымды күчөтүү экенин айтышты.

"Газа палестиналыктар жана аларга жардам берүүгө аракет кылгандар үчүн массалык көрүстөнгө айланды. Газадагы бүтүндөй калктын жок кылынышына жана мажбурлап көчүрүлгөнүнө реалдуу убакытта күбө болуудабыз," - деп билдирди "Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун Газадагы өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Аманд Базеролле.

"Палестиналыктар же аларга жардам берүүгө аракет кылгандар үчүн коопсуз жер жок болгондуктан, ишенимсиздик жана керектүү ресурстардын жетишсиздигинен улам гуманитардык жардам көрсөтүү иштери оор абалда турат. Элдин медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе," - деп кошумчалады ал.

Египет, Катар жана АКШнын Газадагы ок атышпоону калыбына келтирүү жана барымтадагы израилдиктерди бошотуу аракеттери, Израиль менен Палестинанын каршылык көрсөтүү тобу Хамас өз позицияларында тургандыктан ийгиликсиз болууда.

Хамас январь айындагы ок атышпоо келишиминин экинчи этабына өтүүнү каалап жатканын, анда Израилдин Газадан чыгып кетүүсү жана согушту токтотуу маселелери талкууланарын билдирди.

Палестинанын саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматына караганда, Израилдин геноциддик согушунан улам кеминде 51 миң палестиналык каза болду.

Эл аралык кылмыш соту өткөн жылдын ноябрь айында Израилдин премьер-министри Бенжамин Нетаньяху жана анын мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштарs жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн камакка алуу ордерлерин чыгарган. Израилге каршы Эл аралык адилет сотунда да кылмыш иши козголгон.

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлиги, Израилдин март айынын башынан бери күйүүчү май, медициналык жана азык-түлүк жеткирүүнү токтотуусу, кызмат кылып жаткан аз сандагы ооруканалардын ишин кыйындатып жатканын билдирди.

"Жүздөгөн бейтаптар жана жаракат алгандар зарыл дары-дармектерден ажырап, чек аралардын жабылышынан улам алардын азаптары күчөп жатат," - деп билдирди министрлик.

Израиль жазалоо чаралары Хамаска кысым көрсөтүү максатында жасалып жатканын айтса, палестин тобу муну “массалык жазалоо” деп айыптады.

Газанын саламаттыкты сактоо кызматкерлери билдиргендей, эки айлык салыштырмалуу тынчтан кийин март айында аскердик чабуулун кайра баштаган Израиль күчтөрү 1600дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү. Жүз миңдеген адамдар жер которуп, аймакка кирген бардык жүктөр блокадага алынды.

Ал арада Хамас 59 израилдикти барымтада кармап турат. Израиль алардын 24ү тирүү деп эсептейт.

Иликте
Филиппиндеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 46га жетти; издөө-куткаруу иштери уланууда
Украинанын дрондору Россия аннексиялаган Крымдагы согуш музейин аткылады
Аракчи: "Эгер коопсуз болгуңуз келсе, биздин аймактан чыгып кетиңиз!"
КДРде М23 согушкерлери миңдеген адамдарды кармап, аларга катаал мамиле жасаганы кабарланууда
NASA Айга багытталган "Artemis III" миссиясынын экипажын жарыялады
Иран: "АКШнын Бешинчи флоту менен бирге Американын 21 аскердик объектине жооп кайтарылды"
Европа инвестициялык банкынан Түркиянын жашыл трансформациясына 200 миллион евро каражат бөлүнөт
Ооганстан: "Пакистандын аба соккуларынан кеминде 13 адам каза болду"
2025-жылы мамлекеттер аралык жаңжалдар ​​Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки эң жогорку деңгээлге жетти
Украинанын президенти Зеленский Европанын сүйлөшүүлөргө катышуусу керектигин билдирди
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуунун экинчи этабы боюнча Каирде сүйлөшүүлөр уланууда
Пашинян Батыш менен жакындашууга жана Орусия менен тең салмактуу саясат жүргүзүүгө убада берди
Филиппиндин түштүгүндө 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, цунами коркунучу жаралды