Пезешкиан АКШ менен болгон өзөктүк сүйлөшүүлөрдү Тегеран үчүн «алдыга кадам» деп мүнөздөдү
Иран менен АКШнын расмий өкүлдөрү өзөктүк дипломатияда прогресске жетишилгенин билдиришип, келечектеги сүйлөшүүлөр Омандын Маскат шаарында улантыла тургандыгы жөнүндө макулдашышты.
Ирандын президенти Масуд Пазешкиан жекшемби күнү Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр аймактык өлкөлөрдүн колдоосу менен «алдыга кадам» болгонун билдирди.
Пазешкиан: «Диалог ар дайым биздин тынчтык чечимдерине жетүү стратегиябыз болуп келген», - деп билдирди жана Ирандын өзөктүк маселеге болгон мамилеси «Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими менен кепилденген укуктарга» негизделгенин баса белгиледи.
Ирандын президенти ошондой эле өлкө «сый-урматка сый-урмат менен жооп берерин, бирок зордук-зомбулук тилин кабыл албасын» баса белгиледи.
Иран менен АКШ жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөгө каршы аскердик кийлигишүү коркунучунан улам бир нече жумага созулган чыңалуудан кийин кыйыр өзөктүк дипломатияны кайра башташты.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи сүйлөшүүлөрдү «жакшы башталыш» деп мүнөздөп, эгерде ишеним атмосферасы орносо, алар улана берерин кошумчалады.
Аракчи бул процессти улантууга макул болгонун жана тараптар кийинчерээк Омандын Маскат шаарында кайрадан жолугуша аларын билдирди. Ал эми Ирандын «коргонуу маселеси» деп атаган ракета программасы учурда же келечекте сүйлөшүүлөргө ачык эмес экенин кошумчалады.