ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Эрдоган 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Түркиянын кайра куруу убадасын аткарганын айтты
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 2023-жылдагы апааттын курмандыктарын эскерип, кыйраган облустардагы тез калыбына келтирүү иштерине басым жасады.
Эрдоган 6-февралдагы жер титирөөдөн кийин Түркиянын кайра куруу убадасын аткарганын айтты
11 облуска таасир эткен эки жер титирөөдө каза тапкандарды Түркия эч качан унутпайт. / AA Archive

Президент Режеп Таййип Эрдоган жума күнү 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк облустарында катталган жер титирөөлөрдө каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн билдирүү жарыялады.

Өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу апаттардын бири болгон жер титирөөлөрдүн үчүнчү жылына карата жарыялаган кайрылуусунда Эрдоган мамлекет кыйраган шаарларды кайра куруу убадасын аткарганын билдирди.

Түрк NSosyal социалдык медиа платформасында бөлүшүлгөн билдирүүсүндө Эрдоган, үч жыл мурун 11 облуска таасир эткен эки жер титирөөдө каза тапкандарды Түркиянын эч качан унутпай турганын айтты.

Эрдоган: "Үч жыл мурун башыбыздан өткөргөн эки чоң жер титирөөдөн каза болгон бир туугандарыбызды унутпайбыз", - деди.

Өмүрүнөн айрылгандардын мурасын сактоо

Президент өкмөт каза тапкандардын мурасын сактоого жана кыйраган аймактарды кайра курууга убада бергенин баса белгиледи.

Эрдоган: "Алардын элесин жүрөгүбүздө жана акылыбызда ар дайым сактоого, аманаттарын коргоого жана жер титирөөдөн талкаланган шаарларды кайрадан курууга байланыштуу элибизге убада бергенбиз", - деди.

Президент: «Бүгүнкү күндө Кудайдын уруксаты менен бул кыйынчылыкты жеңдик; үч жыл сыякту кыска мөөнөттө шаарларыбызды кайра куруп, жандандырдык. Биз убадабызды аткардык» деп кошумчалады.

Эрдогандын билдирүүсүндө 2023-жылдагы кыйроолордун көрүнүштөрү, ошондой эле жаңы курулган турак жайлардын, инфраструктуранын жана коомдук жайлардын көрүнүштөрү камтылган видео да тиркелди.

Кахраманмараш облусундагы эки башка жер титирөө он миңдеген адамдардын өлүмүнө жана Түркиянын түштүгүндө чоң кыйроолорго алып келди.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди