ТҮРКИЯ
4 мүнөт окуу
Эрдоган: «Трамптын Түркиянын сезимталдыктарын эске алган мамилесин кубаттайбыз»
Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Досум Трамп менен жаңы мезгилде эки тараптуу карым-катнаштарыбызга абдан башкача бир дем берерибизге ишенем»,-деди.
00:00
Эрдоган: «Трамптын Түркиянын сезимталдыктарын эске алган мамилесин кубаттайбыз»
Түрк президенти биринчи мүмкүнчүлүктө АКШнын президенти Трамп менен бетме-бет жолугаарын белгиледи. / AA
1 Май 2025

АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркиянын «сезимталдыктарын эске алган» позициясын кубаттаганын белгилеген президент Режеп Таййип Эрдоган, эки лидер катары Сирия темасында да бири-бирин түшүнүшкөндөрүн айтты.

Италия сапарынан кайтып келе жатканда Эрдоган: «Досум Трамп менен алдыбыздагы күндөрдө АКШ-Түркия карым – катнаштарына абдан башкача бир дем беребиз деп ишенем»,-деди.

Түрк президенти алгачкы мүмкүнчүлүктө АКШнын президенти Трамп менен бетме-бет жолугаарын жана телефон сүйлөшүүлөрүнүн «абдан жылуу, жемиштүү жана достук маанайда» өткөнүн айтты.

«Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын тамыры терең. Талкуулана турган маселелер жана таштала турган көптөгөн кадамдар бар. Ушул себептен министрликтерибиз Түркия-АКШ карым-катнаштарынын багытын түзө турган жолугушуунун үстүндө иштөөнү улантууда»,- деп кошумчалады ал.

Президент Түркиянын Трамптын Орусия-Украина согушуна карата көз карашын колдогонун белгилеп: «Сирия темасында лидер катары экөөбүздүн тең бири-бирибизди түшүнгөнүбүздү көрөбүз. Албетте, биз макул болбогон жерлерде акылга сыярлык компромисстерди издей беребиз»,-деди.

«Биз диалог жана дипломатия ар кандай чөйрөлөр тарабынан тобокелчилик катары кабыл алынган маселелерди жеңүүгө жардам берет деп ишенебиз», - деп кошумчалады ал.

 

Италия менен кызматташуу

Италия менен эки тараптуу карым-катнаштар тууралуу да Анкара менен Римдин бир гана коргонуу өнөр жайында эмес, авиация жана космос сыяктуу жогорку технологиялык секторлордо да кызматташууну изилдеп жатканын баса белгиледи.

Эрдоган, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара технологиялык трансферлердин Түркиянын ички коргонуу өнөр жайын күчтөндүрүп, Италияга жаңы перспективалар жана энергия бере турганын кошумчалады.

Президент Италиянын премьер-министри Жоржио Мелони жана президент Сержио Маттарелла менен болгон сүйлөшүүлөрүндө Анкаранын Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк аракетин конкреттүү салымдары менен колдой турганын күткөндүгүн айтты.

Ал Түркиянын Европанын экономикалык жана аскердик коопсуздугу үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеп, «Европанын коопсуздук архитектурасы кызуу талкууланууда»,-деди.

Ал Түркия менен Италиянын бул маселелерде тыгыз координацияда иш алып баруу боюнча макулдашканын кошумчалады. Сүйлөшүүлөрдө аймактык жана глобалдык маселелердин да сүйлөшүлгөнүн белгилеген Президет, Италиянын Газадагы ок атышпоо, Палестина мамлекетинин таанылышы жана гуманитардык апааттан кутулуу үчүн «күчтүү колдоо» беришин күткөнүн кошумчалады.

ТийиштүүTRT Global - Erdogan hails stronger Türkiye-Italy ties, signals joint efforts in Africa and defence cooperation

Түркиянын Африка менен кызматташтыгы

Италиянын Түркияга Африкага карай биргелешкен кадамдарга байланыштуу сунуш кылганын белгилеген Эрдоган, Анкаранын Рим менен бирге мындай кадамга «оңой» бара аларын баса белгилеп, кызматташуудан баш тартууга эч кандай себеп жок экенин айтты.

Түркиянын Африкага болгон мамилесинин ачык экенин белгилеп, Түркия Африка континентиндеги кызматташтыктын негизин Африкада «утуш-утуш» ыкмасын бөлүшкөн батыш өлкөлөрү менен кеңейтүүдөн кубанычта экенин кошумчалады.

«Ушул контекстте биз эки тараптуу жана үч тараптуу кызматташтыкка жана өнөктөштүккө ар дайым ачыкпыз», - деди ал.

Коргоо өнөр жайы

Эрдоган Түркиянын коргоо тармагында бул жылдар ичинде олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, аба, кургактык жана деңиз курал-жарактары менен болгон коргонуу системаларынын дүйнө жүзү боюнча чоң кызыгуу менен байкалып жатканын белгиледи.

Италиянын коргонуу тармагындагы тажрыйбасына көңүл бурган Эрдоган, өз ара технология алмашуу Түркиянын ички коргонуу өнөр жайын күчтөндүрүү менен бирге, Италияга жаңы бир көз караш жана энергия тартуулай турганын айтты.

«Биз Греция менен кызматташуу, жакшы коңшулук, достук жана союздаштыктын негизинде мамилелерди өнүктүрүүгө дагы аракет кылып жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Орусия-Украина согушу

Эрдоган, Украина менен уланып жаткан согушта Орусия жарыялаган ок атышпоо келишимин мындан ары да өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө Анкаранын үмүттөнөрүн жана бул убактылуу ок атышпоонун туруктуу тынчтыкка жол ачарын айтты.

Түркиянын Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун адилеттүү жана туруктуу тынчтык менен гана бүтөөрүн эң башынан бери айтканын белгилеген Эрдоган: «Бул жагынан эч качан үмүтүбүздү үзгөн жокпуз. Жаңжал күчөгөндө да тараптарды бир үстөлгө отургузуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн сунуштадык. Ал эми мындай учур чагымчылдык жана кийлигишүүлөр үчүн бышып жетилген болот»,-деди.

«Ошондуктан процессти ууландыргысы келгендерге жол бербестен, Орусия да, Украина да тынчтыкты чын жүрөктөн талкуулашы керек жана бул согуш азыр бүтүшү керек»,- деди ал.

Эрдоган: «Бул согуш эки өлкө үчүн гана эмес, глобалдык коопсуздук үчүн да маанилүү, себеби бул согуш бардыгына жоготуулар алып келди. Эң чоң жоготуулар Орусия менен Украинада болду. Бирок адилеттүү тынчтыкта ​​утулгандар болбойт. Тынчтык жараянынын узак мөөнөттүү келечекте ийгиликтүү болушу үчүн эки тарап тең өз ара ишенимди орнотуусу керек. Түркия катары тынчтыкка салым кошууну жана аны колдоону улантабыз»,- деп баса белгиледи.

 

Иликте
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду
Азияда болгон жаан-чачындан кийин жардам жана куткаруу иштери улантылууда
Сурамжылоого караганда, европалыктардын дээрлик жарымы Трампты "Европа үчүн коркунуч" катары көрүшөт
Нетаньяху  аскердик катчысы Роман Гоффманды Моссаддын директорлугуна дайындады
Азербайжан: Британия менен коргонуу тармагындагы мамилелерде "жаңы барак ачылды"
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмостук экспорту рекорддук көрсөткүчкө жетти
Орусия Евробиримдиктин активдерди тартып алуусу "согушка алып келерин" эскертти
Кытай Израилдин кол салууларына көңүл буруп, Газадагы ок атышпоону толук аткарууга чакырды
Путин Индияда: коргонуу, энергетика жана стратегиялык байланыштар алдыңкы планга чыкты