ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркиянын патенттелген курал системалары дүйнө жүзү боюнча таанылат
Технологиянын өнүгүшү менен бирге "учкучсуз-автономдуу-роботтук курал системалары" барган сайын белгилүү болуп баратат.
Түркиянын патенттелген курал системалары дүйнө жүзү боюнча таанылат
Түркия өнүгүп жаткан технологиялар менен бирге ‘учкучсуз-автономдуу-роботтук курал системалары’ менен өзүнөн көбүрөөк сөз кылдырууда. / AA

Дүйнөлүк согуш тарыхы эң биринчи Орусия-Украина согушу, андан кийин АКШ-Израиль-Иран согуштары менен чоң бурулуш учурун башынан өткөрдү. Учкучсуз, кичинекей жана салыштырмалуу арзан системалар жакында эле "жеңилбес" деп эсептелген ири платформаларды согуш талаасынан чыгарды.

Албетте Түркия да бул өзгөрүүнү кылдаттык менен байкап турду. Ошондой эле коргоо өнөр жайынын экосистемасы ушул багытта өнүктү. Бул трансформация өзү менен кошо өтө баалуу долбоорлорду алып келди. HAN коргонуу тарабынан иштелип чыккан жана SAHA-2026да биринчи жолу көрсөтүлгөн продукциялар да алардын арасында...

Baran мүнөтүнө 50 000 ок чыгара алат

HAN коргонуу компаниясынын башкы директорк Мелих Хан Билгин тактикалык согуш талаасындагы өзгөрүүлөргө кылдаттык менен байкоо салгандарын айтты. Ушул алкакта пилотсуз системалардын бири-бири менен талаада байланышып, биргелешкен операцияларды жүргүзүүсүнө мүмкүндүк берүүчү чечимдерди иштеп чыккандарын билдирди.

Билгин жарманкеде көрсөтүлгөн KANGAL айдоочусуз кургактык унаасы бул жагынан жакшы үлгү экенин баса белгиледи. Ал платформадагы BARAN айланма ствол системасы жөнүндө өзүнчө басым жасады. BARAN мүнөтүнө 1000 мылтык огу ата аларын жана ар бир снарядда 50 ок бар экенин айтты. "Бул биз бутага мүнөтүнө 50 000 ок жөнөтө аларыбызды билдирет. Мисалы, муну камикадзе дронунун коркунучуна каршы колдонгондо, абада дээрлик жеңүүгө мүмкүн болбогон тосмо түзөсүз", - деди.

"KARAHAN тышкы капсул системасы жаңы доорду баштайт"

Стенддеги дагы бир көңүл бурууга арзырлык өндүрүш болсо - KARAHAN тышкы капсул системасы... Пилотсуз учуучу аппараттарга интеграциялана турган бул система жердеги буталарды орто жана төмөнкү бийиктиктерден абдан олуттуу кысымга ала алат. KARAHAN мүнөтүнө 1000 ок ата алат.

Хан ошондой эле Пенче A жана Пенче T (Чеңгел) курал системалары жөнүндө сөз кылды. Толугу менен тетиксиз иштеген бул продукцияларды чындыгында роботтук системаларга түздөн-түз интеграциялоого болорун баса белгиледи.

«Бул системалардын баары түрк патенттери менен патенттелген. Алар дүйнөлүк рынокто алгачкы. Аларга окшош эч нерсе жок. Түркиянын коргоо өнөр жайынын келечеги абдан жаркын. Дүйнөлүк рыноктогу биздин үлүшүбүз күн сайын өсүүдө», - деп жыйынтыктады өз сөзүн.

Иликте
Украина Россия менен болгон алмашуунун алкагында 252 адамдын сөөгүн алды
Иранда болгон селде эки адам каза болуп, эки адам дайынсыз жоголду
Президент Илхам Алиев Индиянын тышкы иштер министри Жайшанкарды кабыл алды
Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Карни менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү
Президент Эрдоган: «Адилеттүү чечимдер үчүн ортомчулук кылууну улантабыз»
Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын чек арасына 960 миң мина койгону айтылууда
Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө эки палестиналыкты өлтүрдү
Кытайдын Тибет автономиялуу аймагында 7 баллга жеткен жер титирөөдөн 16 адам каза болду
Түркияда кош жарандыгы бар жарандарга Болгарияда боло турган шайлоого катышуу үчүн чакырык салынды
Улуу Британия ыктымалдуу кризистерге даярдык көрүүгө чакырды
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты эртең Казакстанда башталат
Орусиянын президенти Путин Украина менен макулдашууга даяр экенин билдирди
Албанияда студенттердин нааразылык акциялары уланууда
Сирия режимдин кулатылган лидери Асад жана анын бир тууганы Махир Асад боюнча Интерполго кайрылды
Президент Эрдоган ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды