ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Израилдиктердин христиандарга карата системалуу кол салууларына дагы бири кошулду. Оккупация астындагы Чыгыш Кудста бир кечил аялга кол салганы маалымдалды.
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Монах аял сыйынып жатат (Архив) / Reuters

Ливандын түштүгүндө оккупация астындагы аймактардан Дейр Серьянда 19 - апрелде бир израилдик аскердин Иса пайгамбардын айкелин талкалоосуна байланыштуу нааразычылыктар улантылууда жана Израиль христиандарга карата жек көрүүчүлүк кылмышы менен кайрадан күн тартибинде.

«Анадолу» агенттигинин The Times of Israel гезитине таянып берген маалыматына караганда, 36 жаштагы эркек киши оккупациядагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салган.

Кудс Француз Инжил жана археология мектебинде кызмат кылган кечил аял кол салуунун натыйжасында башынан жаракат алды.

Мектептин директору Оливье Покийон социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, кол салууну катуу айыптады жана Израилдин бийлик органдарынан дароо чара көрүүнү талап кылды.

Полиция кол салган адамды кармаганын билдирди.

Израилдин Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, кечил аялга карата жасалган кол салуунун олуттуу кабыл алынганы жана козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн камакта экени эскертилди.

«Биз бул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптайбыз», - деп айтылган билдирүүдө, кол салуунун жанаша жашоонун жана диний эркиндиктин баалуулугу менен карама-каршы келери кошумчаланды.

Ошондой эле билдирүүдө жерге жаткырылып физикалык жактан кол салууга кабылган кечил аял жана Кудстагы Латын Патриархаты менен тилектештик билдирүүсү берилди.

Израилдин оккупациясы жана чабуулдары христиан коомчулугун да бутага алууда

Израиль геноцид жасап жаткан Газа тилкеси, оккупация астындагы Батыш Шериа, Чыгыш Кудс жана Ливандын түштүгүндө жашаган христиан коомчулугу Израиль өкмөтү менен ашыкча оңчул топтордун физикалык кол салууларына, мүлктөрдү бүлүндүрүү аракеттерине, системалуу түкүрүү окуяларына жана ыйык жерлерди өрттө сыяктуу зомбулуктарга дуушар болууда.

Ливандын түштүгүндөгү Дейр-Серьян айылында 19-апрелде израилдик аскердин Иса пайгамбардын айкелин балка менен талкалап жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Израиль армиясы бул сүрөттүн чын экенин моюнга алып, териштирүү иштери башталганын жарыялаган.

Израилдик аскердин диний символду мазактаган бул кадамы христиан дүйнөсүндө чоң нааразычылыктарды жана катуу каршылыктарды жаратты.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти