Израилдин куралдуу күчтөрү Газага бара жаткан акыркы Глобалдык Сумуд флотилиясын да токтотту
2025 - жылы Газага барган төртүнчү флотилия Глобалдык Сумуд флотилиясы ким экени белгисиз көп сандаган белгисиз кеме тарабынан курчоого алынгандыгы билдирилгенден бир сааттан кийин израилдик күчтөр тарабынан бөгөттөлдү.
Израилдик күчтөр шаршемби күнү Газа блокадасын бузууга аракет кылган Глобалдык Сумуд флотилиясы кемелердеги активисттердин флотилиянын үч деңиз мил алдыда 20дан ашуун белгисиз кемелерди аныктаганын билдиргенден бир сааттан кийин токтотту.
Жүгүн гуманитардык жана медициналык жардамдар болгон кемелер август айынын акырында жолго чыккан жана кадимки шарттарда бейшемби күнү Газа жээктерине барышы күтүлүп жаткан.
Глобалдык Сумуд флотилиясы быйыл Газага карай жолго чыккан төртүнчү жардам кемеси. Буга чейин 2025 - жылы “Абийир”, “Мадлен” жана “Хандала” флотилиялары ушундай аракеттерде болушкан.
Глобалдык Сумуд флотилиясы “Малден” миссиясы токтотулган чектен ашты. Миссиянын жүрүшүндө уюштуруучулар дүйнө өкмөттөрүнө жана колдоочуларга флотилиянын кыймылын байкоочу аппараттарды колдонуу жана түз эфирлердин жардамы менен көзөмөлдөөгө жана активисттердин коргоого алынышы үчүн кысым жасоого чакырды.
Активисттердин камакка алынып же алынбагандыгы, кемелердин абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
Израиль 2 - мартта бардык чек ара каалгаларын жаап, азык - түлүк, дары - дармек жана жардамарга тоскоол болгон. Бул абал Газа чек араларында турган гуманитардык жүк ташуучу унааларга карабастан ачарчылыкка дуушар кылды.
Израилдин ккуралдуу күчтөрү 2023 - жылдын октябрь айынан бери көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон 33. 100дөн ашуун палестиналыкты өлтүрдү. Тынымсыз бомбалоолор аймакты жашоого болбой турган абалга келтирүү менен ачкачылык жана оорулардын жайылышына себеп болду.
“