ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Илон Масктын SpaceX компаниясы АКШнын Коргоо министрлигинин эң маанилүү долбоорлорундагы ролдору аркылуу таасирин күчөтүүдө.
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Илон Масктын SpaceX компаниясы

Илон Маск башкы директору болгон SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) эң маанилүү подрядчыларынын бирине айланды. Америкалык Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, компания акыркы жылдары миллиарддаган долларлык келишимдер менен Вашингтондун коргонуу жана космос стратегиясында маанилүү позицияга көтөрүлдү.

Кабарда АКШ администрациясы 2025-жылы SpaceXке болжол менен 4 миллиард доллар бөлгөнү жана бул көрсөткүч алдыдагы мезгилде дагы да көбөйүшү күтүлүүдө деп айтылды.

Өткөн айда компания АКШнын Космос күчтөрүнөн эки ири келишимге ээ болгон. Бири согуш системалары үчүн спутниктик байланыш тармагын түзүүгө, экинчиси ракеталардын жана учактардын орбитадан кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү спутниктик системаларды иштеп чыгууга байланыштуу. Бул долбоорлордун жалпы наркы 6,5 миллиард доллардан ашат деп айтылууда.

Пентагондун расмий өкүлдөрү SpaceX компаниясы бюрократиялык процесстерди тез жеңе билүү жана ракеталар менен спутниктерди кыска убакыттын ичинде өндүрүү жана учуруу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде атаандаштарынан оозуп кеткенин билдиришти. Бул абал компанияга Lockheed Martin жана Northrop Grumman сыяктуу салттуу коргоо өнөр жайынын гиганттарына каршы артыкчылыктуу позиция берет деп эсептелет.

Башка жагынан алганда адистер SpaceXтин коргонуу тармагындагы таасиринин күчөшү атаандаштыктын төмөндөшү жана маанилүү долбоорлордо бир эле компанияга көз карандылыктын күчтөнүшү сыяктуу тобокелдиктерди алып келерине көңүл бурушууда.

The Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, өткөн жылы АКШнын президенти Дональд Трамп менен Илон Масктын ортосундагы коомдук чыңалуу учурунда Ак үйдө жүргүзүлгөн баалоолор "SpaceXтин келишимдери жокко чыгарылгыс өтө маанилүү" деген тыянакка келген.

Иликте
15-июлдан кийинки тышкы саясат жана Түркиянын келечек көз карашы
Министр Фидан : "Украинага абдан түшүмдүү сапар ишке ашырдык"
15 -  июлдан кийинки стратегиялык саясаттар
АКШ кечээ түнү Иранга каршы баштаган чабуулдарын токтотконун жарыялады
Иран: "АКШнын Ормуз кысыгына кийлигишүүсүнө жол бербейбиз"
Фидан-Сибига: «Ок атышууну токтотууга даярбыз, лидерлер Түркияда жолугуша алат»
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды