Сауд Арабиясынын Жарандык авиация башкармалыгы (GACA), Даммамдагы Падыша Фахд эл аралык аэропортуна жасалган чабуулда 1 адам каза болуп, 8 адам жаракат алганын билдирди.
GACAнын билдирүүсүндө аэропорт 21-октябрь шаршемби күнү кечинде чабуулга кабылганы жана бул окуяда өлкөдө иштеп-жашаган бир чет өлкөлүк жарандын каза болгондугу кабарланды.
Жаракат алган 8 киши болсо зарыл медициналык жардам алуу үчүн дароо ооруканага жеткирилишкени маалымдалды.
Билдирүүдө ошондой эле чабуул материалдык зыян келтиргени, зыяндын аныкталышы боюнча иштер улантылып жатканы жана окуядагы жаңы жагдайлар тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилери айтылды.
Чабуул кандайча жана ким тарабынан уюштурулганына байланыштуу маалымат берилген жок.
Йемендеги легитимдүү өкмөттү колдогон Сауд Арабиясынын жетектеген Араб коалициясы Сауд Арабиясынын чыгыш аймагында 4 учкучсуз учуучу аппаратка бөгөт коюлуп, жок кылынганын билдирди.
Йемен 2014-жылдын сентябрында хуситтер баш калаа Санааны жана айрым провинцияларды көзөмөлдөөгө өткөндөн кийин башталган жарандык согушка кабылып келет.
Сауд Арабиясынын жетекчилигиндеги Араб коалициясы 2015-жылдын мартынан бери эл аралык коомчулук таанаган Йемен өкмөтүнө колдоо көрсөтүүдө.





















