ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Моди: Индия Трамптын тарифтик кадамына карабастан, дыйкандардын кызыкчылыктарынан баш тартпайт
Индия жакынкы айларда Трамптын санкцияларынын натыйжасында эки өлкөнүн ортосунда акыркы жылдардагы эң олуттуу дипломатиялык кризис жаралып, башка өнөктөштөрдү издөөгө мажбур болушу мүмкүн экендигин билдирди.
Моди: Индия Трамптын тарифтик кадамына карабастан, дыйкандардын  кызыкчылыктарынан баш тартпайт
/ AP

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди АКШ президенти Дональд Трамптын Индия товарларына 50 пайыздык кошумча бажы төлөмүн киргизүү чечиминен кийин биринчи жолу маалымат берип, өлкөдөгү дыйкандардын кызыкчылыгын коргоону улантарын жана бул позициясынан зыян тартса да, кайтпай турганын баса белгиледи.

Трамп бейшемби күнү Түштүк Азия өлкөсүнө дагы 25 пайыздык кошумча салык киргизгенин жарыялап, АКШга экспорттолгон Индия товарларына салыктын жалпы көлөмүн 50 пайызга көтөрдү. Бул АКШнын кайсы бир соода өнөктөшүнө киргизген эң жогорку салык ставкаларынын бири болду.

Моди бейшемби күнү Жаңы Делиде өткөн иш-чарада: "Биз үчүн дыйкандарыбыздын бакубаттуулугу эң жогорку приоритет. Фермерлерибиздин жыргалчылыгы баарынан маанилүү. Индия эч качан фермерлеринин, сүт тармагынын жана балыкчыларынын жыргалчылыгына доо кетирбейт. Мунун жеке өзүмө оор кесепеттери тийерин билем", - деди.

Индия менен АКШнын ортосундагы соода сүйлөшүүлөрү Индиянын кенен айыл - чарба жана сүт секторлорун ачууга карата келишпенстиктер менен орус мунайын алуунун токтотулушу тууралуу пикир келишпестиктерден улам беш айлампага созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин туңгуюкка кептелди.

Моди АКШнын салык чечимине же соода сүйлөшүүлөрүнө түз шилтеме жасаган жок.

Трамп 28-августта күчүнө кире турган жаңы салыктын Индиянын орус мунайын сатып алуусун жазалоо үчүн киргизилгенин белгиледи. Бирок Индиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечимди "өтө өкүнүчтүү" деп мүнөздөп: "Индия өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт".- деп билдирди.

Трамп 28-августта күчүнө кире турган жаңы салыктын Индиянын орус мунайын сатып алуусун жазалоо үчүн киргизилгенин белгиледи. Бирок Индиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечимди "өтө өкүнүчтүү" деп мүнөздөп: "Индия өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрөт".- деп билдирди.

АКШ орус мунайынын эң ири сатып алуучусу Кытайга үчүн азырынча мындай салыкты жарыялай элек. Эксперттердин айтымында, Кытайдын сейрек кездешүүчү жер элементтери жана ушул сыяктуу резервдеринен улам АКШ менен соодалашууга күчү жетет, ал эми Индияда мындай артыкчылык жок.

Индиянын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык иштер боюнча катчысы Дамму Рави журналисттерге: "АКШнын салыкты көбөйтүүсү логикага туура келбейт. Бул убактылуу аберрация, өлкө туш боло турган убактылуу көйгөй. Бирок убакыт ичинде дүйнөнүн бир чечим табарына ишенебиз",- деди.

Индия жаңы өнөктөштүктөргө багыт алууда

Акыркы жылдардагы эң олуттуу дипломатиялык чыңалууларды жараткан Трамптын тарифтеринин алкагында Индия жакынкы айларда альтернативалуу өнөктөштүктөрдү түзүшү мүмкүн экенин билдире баштады.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди акыркы жети жылдан бери биринчи жолу Кытайга барууга камданууда. Бул кадам Вашингтон менен карым - катнаштар солгундап бараткан мезгилде потенциалдуу өзгөрүүдөн кабар берет.

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва шаршемби күнү БРИКС өлкөлөрүнүн ортосунда Трамптын тарифтерин чечүү жолдорун талкуулоо үчүн диалогду баштаарын билдирди. Кабарларга караганда, Лула бейшемби күнү Модиге, андан кийин Кытайдын президенти Си Цзиньпинге жана башка лидерлерге телефон чалууну пландап жатат.

БРИКС тобуна Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирет.

Рави: "Окшош көз караштагы өлкөлөр бардык тараптар үчүн пайдалуу кызматташтыкка жана экономикалык өз ара аракеттенүүгө киришет", - деди.

Иликте
АКШ Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүн "позитивдүү" деп мүнөздөдү
Макрондун айтымында Франция Африкада Түркия, Кытай жана АКШдан артта калууда
Түркия Ирактын жаңы өкмөтүн колдоого убада берди
Израиль 35 миллион долларлык келишимге кол койду
Министр Фидан ТМК ТИМ башчыларынын кеңешине Түркиянын атынан катышат
Нью-Делидеги BRICS жыйыны: Иран менен БАЭнин ортосундагы дипломатиялык тирешүү
Россия Киевди ракета жана дрондор менен бомбалады
Эрдоган: "Каспий аркылуу өтүүчү Чыгыш-Батыш орто коридорунун мааниси күн сайын жакшы түшүнүлүүдө"
АКШ менен Кытай "конструктивдүү жана стратегиялык жактан туруктуу" мамилелер боюнча макулдашышты
Түркия БУУда Грециянын "Түрк кысыктары"  терминин колдонуусуна карата нааразычылыгын четке какты
Түркия Аль-Акса мечитине жүргүзүлгөн рейдди айыптап, чыңалуу жана туруксуздук жөнүндө эскертти
Аббас Аракчи: Иранга байланыштуу эч бир маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес
Израилдик мыйзамсыз отурукташкандар полициянын коргоосу астында Аль-Акса мечитине рейд жүргүзүштү
Президент Эрдоган Казакстанда расмий азем менен тосуп алынды
Израиль күчтөрү Кунейтра элетин бомбалап, Сирияга карата жүргүзгөн рейдде эки кишини камакка алды