ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Палестина БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз берди
Элчи Абдел-Хафиз Нофал Палестина БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн шарттар түзүлгөнгө чейин “конок” катары кошула турганын айтты.
Палестина БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз берди
БРИКС тобунун лидерлери / Reuters

Палестина БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз берди бирок азырынча жооп ала элек жана конок катары катышууну улантат. Бул тууралуу жума күнү Палестинанын Россиядагы элчиси Абдель-Хафиз Нофал билдирди.

Орус маалымат агенттиги РИАга маалымат берген Нофал, Палестина бийлигинин расмий кайрылуу жасаганын ырастап: "Бирок, билесиздер, Палестинанын белгилүү шарттары бар. Бул шарттар толук мүчөлүккө жол бергенге чейин Палестинанын биримдикке конок катары кошулаарына ишенем. Азырынча эч кандай жооп ала элекпиз",- деди.

2006-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия негиздеген БРИКС тобуна Түштүк Африка 2011-жылы кошулган. Египет, БАЭ, Эфиопия жана Иран бул уюмга 2024-жылы, ал эми Индонезия 2025-жылдын январь айында кошулган.

 БРИКС менен кызматташкан өнөктөш өлкөлөргө Беларус, Боливия, Куба, Казакстан, Малайзия, Нигерия, Таиланд, Уганда, Өзбекстан жана Вьетнам кирет.

Палестинанын кадамына жооп кылып, Кытай жума күнү: "Биз БРИКС кызматташтыгына көбүрөөк пикирлеш өнөктөштөрдүн катышуусун кубаттайбыз, адилеттүү жана тең укуктуу эл аралык тартип үчүн биргелешип иштөөнү чыдамсыздык менен күтөбүз,- деди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гуо Цзякун Пекинде журналисттерге: "БРИКС өнүгүп келе жаткан рыноктор менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүү платформасы жана эл аралык мамилелерде көп полярдуулуктун жана демократиянын күчтүү кыймылдаткычы. Бул платформа Глобалдык Түштүк өлкөлөрү тарабынан кеңири таанылган",- деди.

 

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды