ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Эфиопиядагы Хайли Губби жанар тоосу 12 миң жылдан кийин атылды
Тулуза вулкандык күл боюнча консультативдик борборунун (VAAC) маалыматына караганда, жанар тоодон чыккан күл Йемен, Оман, Индия жана Пакистандын асманына чейин жетти.
Эфиопиядагы Хайли Губби жанар тоосу 12 миң жылдан кийин атылды
Эфиопиядагы Хайли Губби жанар тоосу 12 миң жылдан кийин атылды / Reuters

Toulouse Volcanic Ash Advisory Centre (VAAC) маалыматына караганда, Эфиопиянын түндүк-чыгышындагы жанар тоо дээрлик 12 000 жылдан бери биринчи жолу атылып, асманга 14 километрге чейин коюу түтүн көтөрүлдү.

Эритрей чек арасына жакын Афар аймагында жана борбор шаар Аддис-Абебадан 800 чакырымдай түндүк-чыгышта жайгашкан Хайли Губби жанар тоосу жекшемби күнү бир нече саат бою атылды.

Жанар тоонун бийиктиги болжол менен 500 метрге жетет жана эки тектоникалык плиталар кесилишкен, геологиялык жактан активдүү Рифт өрөөнүндө жайгашкан.

VAAC борбору, жанар тоодон чыккан күл түндүктү көздөй Йемен, Оман, Индия жана Пакистанга жылганын билдирди.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо калың ак түтүндүн көтөрүлгөнү байкалды.

Смитсон институтунун Глобалдык вулканизм программасынын маалыматына караганда, Хайли Губбиде голоцен доорунда эч кандай атылуу катталган эмес. Голоцен болжол менен 12 000 жыл мурун акыркы муз доорунун аягында башталган.

Мичиган технологиялык университетинин вулканологу жана профессору Саймон Карн “Bluesky” басылмасына Хайли Губбинин "голоцен доорундагы атылуулары жөнүндө эч кандай маалыматы жок" экенин ырастады.

Иликте
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды
Филиппин: Мектепте болгон атышуудан эки окуучу каза болду
Бразилиянын лидери Трампты президенттик шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертерин айтты
Африкада жаңы океан пайда болот
Орусия: Украинадагы согуштун көлөкөсүндө парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө
Газада Израиль тарабынан талкаланган конуштан дагы 12 сөөк табылды
Кофенин жыты маанайды жана мээ толкундарын өзгөртө алары аныкталды
Трамп Польшада АКШнын базасын түзүү боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин жарыялады
Словакиянын премьер-министри Фицо "Европа боюнча аскердик кагылышуу" тууралуу эскертти