ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
TEKNOFEST Стамбулда башталууда
Дүйнөнүн эң ири авиация, космос жана технологиялык иш-чараларынын бири болгон TEKNOFEST жүз миңдеген конокторду тосуп алат.
TEKNOFEST Стамбулда башталууда
/ AA

Түркиянын алдыңкы технологиялык иш-чарасы TEKNOFEST шаршемби күнү Стамбулда өз эшигин ачты.

Стамбул Ататүрк аэропортунда беш күнгө созула турган иш-чара Түрк Технология командасы (T3) Фонду менен Түркиянын Өнөр жай жана технология министрлиги тарабынан уюштурулууда.

TEKNOFEST 2018-жылдан бери ондогон мамлекеттик мекемелердин, жеке сектор өнөктөштөрүнүн жана университеттердин колдоосу менен өткөрүлүп келет.

Жыл сайын жаңыртылган сынак категориялары менен айырмаланган TEKNOFEST быйыл 58 негизги иш-чараны жана 137 субкатегорияны камтууда.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген катышуучулар өздөрүнүн билими жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, технологияны өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө.

Технология, толкундануу жана учуу

TEKNOFEST жекшемби күнгө чейин конокторду технологиялык сынактар менен гана эмес, ар түрдүү кызыктуу иш-чаралар менен да тосуп алат.

Фестиваль укмуштуудай аба шоулары, ар кандай көргөзмөлөр жана мастер-класстар, симуляциялык аянттар, планетарий, соода жарманкеси иш-чаралары жана студенттер үчүн атайын учуу иш-чаралары менен толукталат.

Иш-чара жуп жылдары Түркиянын ар кайсы шаарларында, так жылдары болсо Стамбулда өткөрүлөт.

Фестиваль ошондой эле эки чет өлкөдө: Азербайжанда жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында өткөрүлгөн.

TEKNOFEST фестиалынын деңизчилик версиясы болгон "Көгүлтүр Мекен" өткөн айда Стамбулда өткөрүлгөн.

Былтыр Түркиянын түштүгүндөгү Адана шаарында өткөрүлгөн TEKNOFESTке болжол менен 1,1 миллион конок келген, ал эми жалпы катышуучулардын саны 11 миллионго жакын.

Иликте
Израиль ок атышпоого карабастан Ливандын түштүгүнө абадан сокку урду
Канкор Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 74 миң 377ге жетти
Израилдик баскынчылар Батыш Шериада палестиналыктар жыйнаган зайтундарды уурдап кетишти
Эрдогандын "Түрк дүйнөсүнө" байланыштуу билдирүүсү
Эр-Рияд аэропортуна кол салуудан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алды
ASELSAN ГӨКАЛП системасын таанытты
АКШдагы куралдуу кол салуудан тогуз адам каза болду
Түркиянын Футбол Федерациясы Монтеллага ыраазычылык билдирди
Кремль: "Путин Ирандын кагылышууну чечүү сунушун Трампка билдирди"
Түркия 15 жашка чейинки балдардын социалдык медиа колдонууcуна тыюу салды
Батыш Шериада каза болгон америкалыктар тууралуу маалымат Израилди коргоо максатында жашырылууда
Россия Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урганын жарыялады
2026 Нобель тынчтык сыйлыгы Нави Пиллайга эл аралык укук боюнча эмгеги үчүн берилди
Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы тууралуу чечимди "уят" деп мүнөздөдү
Трамп администрациясынын мигранттарды АКШдан кемелер менен депортациялоону карап жатканы билдирилди