Израиль армиясы 2025-жылдын октябрында түзүлгөн ок атышпоо келишимине карабастан Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине кол салууларын улантууда.
Медициналык булактардан алынган маалыматка караганда, Газа тилкесинин түндүгүндөгү Газа шаарында бир полиция пунктуна Израиль армиясынын абадан кол салуусунан каза болгондордун саны 9га жетип, 15 киши жараланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Израилден Газа тилкесине кол салууларын токтотууну талап кылганына карабастан чабуулдарын уланткан Израиль армиясы кечээ кечинде учкучсуз учуучу аппарат менен Газа шаарындагы бир кафени бутага алып, 7 киши каза болгон.






















