ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Чабуулда 10 киши жараланды алардын ичинен үчөөсүнүн абалы оор.
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Орусиянын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы Wildberries электрондук соода платформасына таандык логистикалык борборлоруна учкучсуз учуучу аппараттардын (УУА) чабуулдары

Россиянын түштүгүндөгү Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы Wildberries электрондук коммерция платформасына таандык логистикалык борборлорго жасалган дрондордун чабуулунан он адам жаракат алды.

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Ким жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы эки логистикалык борборго түнкүсүн кол салуу болгонун билдирди.

Ким кызматкерлердин ылдам түрдө эвакуацияланганын жана алгачкы маалыматтар боюнча жаракат алгандардын бар экенин жана зарыл болгон колдоонун көрсөтүлөрүн белгиледи.

Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев да түнкүсүн аймактын дрондордун катуу чабуулдарына дуушар болгонун жана Краснодардагы Wildberries логистикалык борборунда 15 адамдын жаракат алганын жарыялады.

Кондратьев жаракат алгандардын үчөөнүн абалы оор экенин жана ооруканага жаткырылганын билдирди.

Логистикалык борборго жаслаган чабуулдан кийин калыбына келтирүү жана өрттү өчүрүү иштери уланып жатканын билдирген Кондратьев, Армавир шаарында дрондун сыныктары ишкана аймагына түшүп бир кызматкердин каза болгонун маалымдады.

Кондратьев дрон сыныктары Краснодардагы эки көп батирлүү үйгө жана Динская конушундагы эки үйгө тийгенин билдирди.

Wildberries - Россиянын эң ири электрондук коммерция платформаларынын бири. Акыркы күндөрү компаниянын бир нече логистикалык борборлору дрон чабуулдарына кабылууда.

Иликте
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды
Түрк аба жолдору (THY) жүргүнчүлөрдүн жана учуулардын тарыхындагы рекорддорду жаңылады
Иран: Оман менен сүйлөшүүлөрдө Ормуз кысыгындагы кемелердин өтүүсүнө басым жасалууда
Израилдин коргоо министри Кацтын Иранды коркутуусу