Украина, Россия жана Америка Кошмо Штаттарынын сүйлөшүүчүлөрү шаршемби күнү Абу-Дабиде төрт жылдан бери уланып жаткан согушту кантип токтотуу маселесин талкуулоо жана татаал сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдыруу үчүн жолугушат.
Мурунку дипломатиялык айлампалар 2022-жылдын февраль айында башталган жана Экинчи Дүйнөлүк Согуштан берки Европадагы эң кандуу кагылышуусу болгон согушту токтотуу боюнча макулдашууга жетише алган жок.
Россиянын Украинанын инфратүзүмүнө жасаган соккуларынан улам өлкөдө электр жарыгы жана жылуулук өчтү. Бул жагдай Абу-Дабиде өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү мүмкүн болгон прогрессти токтотуу боюнча кооптонууну жаратууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Россиянын жасаган ар бир чабуулу Москванын позициясынын өзгөрбөгөндүгүн далилдеп жатканын белгиледи. «Алар согушка жана Украинаны жок кылууга каражат жумшоону улантууда, дипломатияны олуттуу кабыл алышпайт. Сүйлөшүү тобубуздун иши ушул жагдайларга жараша түзүлөт», — деди.
Бирок, негизги туңгуюк Украинанын чыгышындагы аймактардын узак мөөнөттүү тагдыры.
Москва кандайдыр бир келишиминин алдыңкы шарты катары Украинадан өз аскерлерин Донбасстын чоң аймактарынан, анын ичинде жаратылыш ресурстарына бай жана коргонуусу чыңдалган шаарлардан чыгарып кетүүнү талап кылууда. Ошол эле учурда кол салуулар учурунда басып алынган жерлердин Россияга таандык экени эл аралык деңгээлде таанылышын көздөйт.
Киев аскерлерин бир тараптуу чыгарып кетүү талабын четке кагып, куралдуу кагылышууну учурдагы фронт сызыгы боюнча токтотуу керектигин билдирди.
Шаршембиден бейшембиге чейин созулушу пландалган сүйлөшүүлөр өткөн дем алыш күндөрү өтүшү керек эле, бирок Кремль «үч тараптын иш графиктериндеги дал келбестиктерди» жүйө кылып, жолугушууну кийинкиге жылдырган.
«Эң жаманына даяр болгула»
Украинанын делегациясын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рустем Умеров жетектейт. Кесиптештери аны дипломатиялык алкакта "кереметтерди жарата билген" чебер сүйлөшүүчү катары мүнөздөшүүдө.
Ал эми Россиянын башкы сүйлөшүүчүсү катары Аскердик чалгындоо кызматынын жетекчиси Игорь Костюков катышат. Ал — Украинадагы согуштагы ролу үчүн Батыштын санкцияларына кабылган тажрыйбалуу деңиз флотунун офицери.
Өткөн айда Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдүн мурунку айлампасында АКШ делегациясын Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Виткофф жетектеген.
Коңшу өлкөнүн аймагынын болжол менен 20 пайызын басып алган Россия, эгер сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктай турган болсо, Донецк облусунун калган бөлүгүн да алуу менен коркутууда.
Украина жер жоготууларынын Москваны шыктандыра турганын эскертип, Россиянын кайрадан кол салуусуна бөгөт болбой турган эч бир келишимге кол койбой турганын билдирди.
Учурда Киев Донецк облусунун болжол менен бештен бир бөлүгүн көзөмөлдөөдө.
AFP анализине ылайык, Россиянын азыркы илгерилөө темпи менен Москва армиясынын бүт аймакты басып алышы үчүн дагы 18 айга жакын убакыт талап кылынат — бирок Украинанын көзөмөлүндөгү аймактарга бекем чептелген шаар борборлору кирет.
Россия ошондой эле Луганск, Херсон жана Запорожье облустары өзүнө таандык экенддигин ырастоодо жана чыгышта Украинанын кеминде үч башка облусунда да бир топ аймакка ээлик кылууда.
Сурамжылоолорго ылайык, украин элинин көпчүлүгү Москвага тынчтык үчүн жер берүүчү келишимге каршы.
Согуш талаасында Россия чоң адамдык жоготууларга учураганына карабастан, илгерилөөнү улантууда. Москванын негизги максаты — ресурстары түгөнгөн Украина армиясын убакыт жана ок атуу кубаттуулугу жагынан алсыратып, артта калтыруу.
Зеленский батыштык колдоочуларына курал-жарак жеткирүүнү көбөйтүүнү жана Кремлге экономикалык жана саясий кысым көрсөтүүнү талап кылууда.
Быйыл Россиянын ири масштабдуу чабуулдары Киевдин энергетикалык тармагына олуттуу зыян келтирип, Украинанын борборундагы жүз миңдеген адамды жылуулук жана электр энергиясыз калтырды.
Өткөн айда Абу-Дабиде АКШнын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасынан кийин украиналыктар Москва менен кандайдыр бир келишимдин түзүлүшүнөн шектенип жаткан.
Киевдин тургуну Петро AFP агенттигине: "Мен мунун баары коомчулук үчүн шоу деп ойлойм. Биз эң жаманына даярданып, эң жакшысына үмүттөнүшүбүз керек", - деди.
















