ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Австралияда 2023-жылдын 7-октябрынан бери мусулмандарга каршы инциденттер кескин түрдө өстү
Отчетко ылайык, курман болгондордун болжол менен 75 пайызы аялдар жана кыздар, ал эми кылмышкерлердин басымдуу бөлүгү мусулман эмес эркектер болгон.
Австралияда 2023-жылдын 7-октябрынан бери мусулмандарга каршы инциденттер кескин түрдө өстү
/ TRT World

Жергиликтүү SBS News каналынын дүйшөмбү күнкү кабарына караганда, Австралия 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин Газага каршы согушу башталгандан бери мусулмандарга каршы окуяларда «катуу өсүш» байкалып, аялдар менен кыздар пропорционалдуу эмес түрдө бутага алынган.

Кабарда Австралиянын Исламофобия реестринин директору Нора Аматтын айтымында, курмандыктардын 75 пайызга жакынын аялдар жана кыздар түзөт, ал эми кылмышкерлердин көбү мусулман эмес эркектер.

Амат геосаясий окуялардын Австралиядагы исламофобияга түрткү болушу мүмкүн экенин кабыл алуу менен бирге мунун жалгыз фактор эмес экенин баса белгиледи.

«Бизге билдирилген окуялардын көбөйүшү же азайышында саясий дискурс абдан чоң роль ойнойт», - деп кошумчалады.

Амат: “Миңдеген окуядан сөз кылып жатабыз… Жоолукчан бир топ мусулман аял үчүн исламофобия окуясы, Австралияда мусулман болуунун эмне деген мааниге келгенине таянуу менен кол салуу, акаарат жана коркутууларда кескин өсүштүн болгонун ортого салды.

Март айында Австралиядагы исламофобия боюнча отчет 2023-жылдан январь айынан 2024-жылдын ноябрь айына чейин Исламофобияны каттоо уюмуна түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде кол салуулар, коркутуулар жана кордоолордун кескин көбөйгөнүн аныктаган.

Монэш жана Дикин университеттеринин изилдөөчүлөрү 600дөн ашуун оффлайн жана онлайн инциденттерди талдап чыгып, мусулмандардын арасында аялдардын негизги жабырлануучулар экенин аныкташкан.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газага каршы согушунда 59821 палестиналык каза тапкан.

Израиль армиясы 18-мартта Газага чабуулдарын кайра баштап, 8,657 адамды өлтүрүп, 32,810 адамды жарадар кылган. Бул январь айында түзүлгөн ок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишимин бузган.

Өткөн жылдын ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жана мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуштук жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн камакка алуу ордерлерин чыгарган.

Израиль Газага каршы согушу үчүн Эл аралык сотто геноцид боюнча доо менен бетме - бет келип турат.

Иликте
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Каирдеги жолугушуу башталды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат