ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Сүйлөшүүлөр 10-11-ноябрда өтөт.
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро 10-11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбору Абу-Дабиде Украина менен Орусиянын ортосунда АКШнын ортомчулугунда өтө турган сүйлөшүүлөрдө Европанын да столдо болорун жарыялады.

Барро RTL радиосунда 10-11-ноябрдагы сүйлөшүүлөрдө Европанын өкүлчүлүгү болобу деген суроого жооп берди.

Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөргө Европанын да катышарын баса белгилеген Барро: "Бул жыйында Францияны ким өкүлдүк кыла турганын азырынча айта албайм, бирок Франция сөзсүз түрдө ал жерде болот", - деди.

Барро: "Акыркы жумаларда европалыктар үндөрүн көтөрүп, континенттин келечеги боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр биздин күтүүлөрүбүздү жана талаптарыбызды этибарга албай койбой турганын АКШлык ортомчуларга жеткирип жатышат", - деп айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Виткофф Орусия менен Украинанын ортосундагы жумушчу деңгээлдеги сүйлөшүүлөр 10-11-ноябрда БАЭнин борбору Абу-Дабиде өз өлкөсүнүн ортомчулугу астында өтөрүн билдирген. Бул сүйлөшүүлөр согуштан кийинки коопсуздукту камсыздоо, чыңалууну басаңдатуу, гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттери жана тынчтыкка карай кийинки кадамдар маселелерине багытталууда.

Иликте
Президент Режеп Таййип Эрдоган TRT World форумунда сөз сүйлөдү
Россия: Starlink жана OneWeb саясий туруктуулукка коркунуч жаратууда
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Мекке коргонуу альянсына байланыштуу пикирин билдирди
Израилдин чабуулдарынан улам Газа тилкесинде 68 миллион тоннага чейин таштанды калды
Францияда мектеп автобусу кырсыкка учурады
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү
Даниянын Копенгаген аэропортуна кайрадан бомба коркунучу тууралуу билдирүүлөр келди
Чехиянын борбору Прагада бүгүн да учактарга бомба коюлганы тууралуу билдирүү келди
Эфиопиянын Оромия аймагындагы куралдуу кол салууда 34 адам каза болду
Изилдөө: "Тынч океандагы пластик калдыктары суунун түсүн өзгөртүп жатышы мүмкүн"
Корсика аралындагы жагымсыз аба ырайынан улам эки адам унаасында каза болду
Бельгияда парламент депортация процесстери үчүн үйлөрдү тинтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды
Рубио кызматынан кетип, Ак үй үчүн талапкер болуу пландары бар деген сөздөрдү четке какты
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти