TUSAŞ компаниясынын башкы директору Мехмет Демироглу Түркия менен 30 учак сатып алуу боюнча келишим түзгөн Испаниянын кошумча 15 Хүржет машыгуу учагын сатып алууну пландап жатканын билдирди.
Түркиянын түндүгүндөгү Кастамону провинциясында өткөн иш-чарада сөз сүйлөгөн Демироглу Испанияга учактарды жеткирүү 2028-жылы башталышы күтүлүп жатканын айтты. Демироглу: «Биз аба күчтөрүбүзгө учактарды жеткирүүнү баштай электе эле Испания: “Бизге бул учактар абдан жакты, 30 даана сатып алууну каалайбыз”, — деди жана сатып алды. Келишимге кол койдук. 2028 -жылдагы жеткирүүлөр үчүн иштеп жатабыз. Дагы 15 даана учак сатып алууну пландап жатышат”,- деди.
Демироглу TUSAŞтын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүнө да токтолуп, кампуста KAAN согуштук учагы, HÜRJET жана HÜRKUŞ учактары, тик учактар, дрондор, спутниктер жана учактын тетиктери боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын айтты. Ишканада алты багыт боюнча сыноо жана өндүрүш иштери жүргүзүлөрүн белгилеп, бул жерди улуттук сыймыктын булагы деп мүнөздөдү.
Демироглу HÜRKUŞ учактарын жеткирүү башталганын жана бул иштер алдыдагы жылдары да улана турганын билдирди. Ал Азербайжанды экспорттук рыноктордун бири катары атап, компания чет өлкөлөргө сатуунун көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатканын белгиледи.
Түркиянын коргонуу өнөр жайы өлкөнүн эл аралык позициясын бекемдеп, анын технологияларына дүйнөлүк кызыгууну арттырып жатканын баса белгилеген Демироглу: «2020-жылдары, айрыкча коргонуу өнөр жайындагы ийгиликтердин аркасында, дүйнө жүзүндө Түркияга болгон чоң кызыгуу жана суктануу пайда болду. Алар биздин продукцияларыбызга, жетишкендиктерибизге жана ийгиликтерибизге суктанышууда», — деди.
«Биз аны колдонууга мажбур болбош үчүн куруп жатабыз»
Демироглу Түркиянын коргонуу программаларынын, анын ичинде KAAN согуштук учагынын негизги максаты — душманды коркутуу жана мүмкүн болуучу чабуулдарды алдын алуу экенин белгиледи. Ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жана мамлекетти коопсуздук коркунучтарына каршы даярдоонун маанисин баса белгилеп: «Биз согушуу үчүн эмес, согушту алдын алуу үчүн иштешибиз керек», — деди.
«Биз KAAN учагын колдонгубуз келбейт. Аны колдонууга муктаж болбошубуз үчүн куруп жатабыз», — деп кошумчалады.
Иш-чарада студенттерге кайрылган Демироглу жаш муунду өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечекке даярдай турган технологияларды үйрөнүүгө үндөдү. Ошондой эле TEKNOFEST авиация жана технология фестивалдарынын көбөйүшү жаштардын технологияга болгон кызыгуусун жана ынтызарлыгын арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.




















