Непал менен Кытай “Бир алкак- Бир жол” планы боюнча келишимге кол коюшту
Непалдын Тышкы иштер министрлиги X платформасындагы билдирүүсүндө "Бүгүн Бир алкак- Бир жол кызматташтык алкактарына кол коюлду" деп, бирок чоо-жайын айткан жок.
Катманду менен Пекин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак- Бир жол” демилгеси боюнча биринчи келишимге 2017-жылы кол коюшкан.
Непал Бир алкак- Бир жол демилгеси боюнча Кытай менен алкактык келишимге кол койду. Непалдын Тышкы иштер министрлигинин шаршемби күнкү билдирүүсүнө караганда, жети жыл мурда кол коюлган биринчи келишимден бери эч кандай жылыш болгон эмес. Бул жаңы келишим, долбоорлор боюнча кызматташууга жол ачат.
Премьер-министр К.П. Шарма Оли июль айында кызматка киришкенден берки алгачкы чет өлкөгө сапарын ишке ашыруу үчүн Пекинде болду. Салтты бузуп ал алгачкы расмий сапарын Непал менен кылымдар бою бекем байланышта болгон Нью-Делиге эмес, Кытайга жасады.
Непал менен Кытай 2017-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кытайдын инфраструктурасын жана дүйнө менен соода байланыштарын өнүктүрүүнү максаттаган «Бир алкак- Бир жол» демилгеси боюнча алдын ала келишимге кол коюшкан.
Бирок, кызматташуунун зарыл алкактары аныкталбагандыктан жана Непалдын саясий партияларынан консенсуска ээ болбогондуктан, акыркы жети жылда бир дагы долбоор пландалган эмес жана демилгеленген эмес.
Карызга байланыштуу тынчсыздануулар
Жаңы келишимге кол коюлушу, эки өлкөнүн тең эми долбоорлордун чоо-жайы менен алдыга жыларын, булардын жолдорду жакшыртуу жана транспорт коридорлорун камтышы мүмкүн экенин жана каржылоонун кандайча берилерин аныктарын көрсөтүүдө.
Ал арада карыз тынчсыздануулары Олинин коалициялык өкмөтүнүн ичинде талаш-тартыштарды жаратты. Олинин негизги колдоочусу болгон Непал Конгресс партиясы, насыялар менен каржылануучу ар кандай долбоорго каршы чыгууда.
Непалдын Тышкы иштер министрлиги X платформасындагы билдирүүсүндө "Бүгүн Бир алкак- Бир жол кызматташтык алкактарына кол коюлду" деп, бирок чоо-жайын айткан жок.
Кытай Катмандудан 125 км батыш тарапта жайгашкан Непалдын экинчи чоң шаары Покхара эл аралык аэропортун куруу үчүн Непалга 216 миллион долларлык насыя берди. Аэропорт былтыр ишке киргизилген.
Бирок Пекин өзүнүн “Бир алкак-Бир жол” ийгилигинин символу катары көргөн бул аэропорт Индиянын аэропортко учкан учактарга аба мейкиндигине уруксат берүүдөн баш тартуусунан улам эл аралык каттамдардын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшүп келет.