ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Франция банги кылмыштары менен күрөшүп жаткандыктан абак кызматкерлерине кол салуулар көбөйүүдө
Түрмөлөрдөгү мыйзам бузууларга жана уюмдашкан кылмыштарга карата операциялар улантылуу менен мамлекеттик кызматкерлерди коркутууга багытталган координациялуу кол салуу толкуну улуттук террор менен күрөшүү боюнча териштирүүнүн баштатылышына жол ачты.
Франция банги кылмыштары менен күрөшүп жаткандыктан абак кызматкерлерине  кол салуулар көбөйүүдө

Француз жетекчилер түнкү сааттарда түрмөнүн кызматкерлерине тиешелүү унаалар менен бир имараттын кире беришине кол салуу болгонун билдирди. Бул окуя ушуга окшогон кол салуулардын акыркысы болуп катталды.

Жекшемби күндөн бери ким экендиги белгисиз кол салуучулар жалпы Францияда бир нече түрмө жана мекемени бутага алды. Унааларды өрттөп, бир түрмөнүн кире беришине автоматтык куралдар менен ок атышты жана сырдуу жазууларды жазышты.

Улуттук террор менен күрөшүү боюнча прокурорлук кол салууларга карата териштирүү жүргүзүүдө. Юстиция министри Жеральд Дарманен кол салуулардын жооптуусу катары банги зат коррупциясы менен байланыштуу кишилерди айыптады.

Дарманен шейемби күнү эрте менен CNews/Europe 1 каналына берген маегинде : “Адамдар ачыкча эле мамлекетти коркутуп туруксуздаштырууга аракет кылууда. Муну кылып жатышат анткени биз буга чейин түрмөлөрдөгү эркиндикке каршы күрөшүп жатабыз”,- деди.

Дарманен жана ички иштер министри Бруно Ретайо акыркы айларда баңги заттарга жана баңги затка байланышкан кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүүгө убада беришкен.

Дарменен жетекчилик кылган жана “түрмө төңкөрүшү” деп аталган демилге бул жайдан тарта Франциянын эң кооптуу 700 баңги аткезчисинин 200нүн эки жогорку коопсуздуктагы түрмөдө камоону максат кылууда.

Баңги затка байланышкан кылмыштарга каршы мыйзам, анын ичинде бул түрмөлөрдү камтыган долбоор, айдын аягында парламентте добушка коюлат.

“Негизги укуктар”

Аймактык прокурордун ырастоосуна караганда шаршемби күнү эрте менен Франциянын түштүгүндөгү Тараскон шаарында бир түрмөнүн унаа токтотуучу жайында үч унаа анын ичинде күзөтчүлөрдүн бирине таандык унаа өрттөлдү.

Түрмө кызматкерлери профсоюзунун өкүлү түштүктөгү Экс-ан-Прованс шаарынын тышындагы түрмөдө иштеген дагы бир күзөтчүнүн унаасынын да үйүнүн жанында өрттөлгөндүгүн билдирди.

Полиция Парижге жакын жердеги Сен-е-Марн аймагында бир аял түрмө кызматкери жашаган имараттын кире беришине “Француз туткундарынын укуктары” деген мааниге келген “DDPF” тамгаларынын жазылгандыгын жана имараттын өрттөөгө аракет кылынгандыгын маалымдады.

Дагы бир полиция булактарынын билдиргенине караганда шейшемби күнү кечке чейин 21 унаа граффити менен боёлуп же өрттөлдү.

Көпчүлүк учурда унааларды өрттөө жана өзгөчө Тулон жакындарындагы бир түрмөнүн киришине автоматтык куралдар менен ок атуу окуялары дүйшөмбүдөн шейшембиге өткөн түнү болду.

"DDPF" деген жазуу бир гана Тулондогу түрмөнүн тышында дээрлик бардык окуяларда жазылган. Кол салуучулар ал жерде "DDFM" деген сырдуу кыскартууну жазышкан.

“DDPF” аталган топ шаршемби күнү Telegram платформасынан бир видео жарыялады. Видеодо бир түрмө кызматкеринин унаадан түшкөнү андан кийин бир почта кутусу жана кутунун үстүндө жазылган жазуу жакындан тартылган.

AFP агенттиги видеону өчүрүлгөнгө чейин көрүп чыккан. Видеонун акырында түнү бир имараттын алдында өрттөлгөн унаанын көрүнүшү менен “DDPF” тамгалары орун алган. Ишемби күнү ачылган аккаунт азыртадан 1000ден ашуун катталуучуга жетти.

Топ жекшемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө өзүн “Министр Жеральд Дарманен бузууга аракет кылган негизги укуктарды коргоого арналган кыймыл” деп мүнөздөдү.

Дарманен CNews телеканалына берген маегинде түрмө камераларында ишин улантып жаткан “баңгизат түйүндөрүнө” каршы катуу чара көрүүнү каалагандыгын айтты.

“Алар киши өлтүрүүгө буйрук берип жатышат, акча адалдашат. Полиция кызматкерлерин, сотторду, түрмө күзөтчүлөрүн коркутуп, уурдап жатышат”,-деп кошумчалады.

Өткөн жылы кол салуучулар банги зат барону болуу менен айыпталган Мухаммед Амра болгон түрмө унаасына кол салган жана Амраны уурдап, эки түрмө кызматкерин өлтүргөн.

Амра андан кийин Римде кармалып Францияга тапшырылды. Азыркы учруда Дарманен “жогорку коопсуздук” деп мүнөздөгөн эки жаңы түрмөнүн биринде кармалууда.

Эл аралык түрмөлөрдү байкоо уюму Дарманиндин планын сынга алып, анын "коопсуздукка ашыкча берилгендиктен" келип чыкканын жана "адам укуктарын бузган" чараларды камтыгандыгын белгиледи.

Иликте
Министр Фидан: "Биринчи өзгөчөлүгүбүз  жүргүзгөн саясатыбызда туруктуу болуу"
Трамп Германиядагы АКШ аскерлерин кыскартууну карап жатат
АКШ  өнөктөштөрүн Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңы коалиция түзүүгө чакырууда
Трамп: АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр телефон аркылуу жүргүзүлөт
Ирандын аскердик кеңешчиси: "АКШнын эмбаргосу ишке ашпайт"; Тегеран кагылышууну тандашы мүмкүн
Түркия менен Испания Израилдин флотилияга кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүүгө чакырышты
Түркия Израилдин флотилияга кийлигишүүсүн "каракчылык актысы" деп айыптады
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет