ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Макронду бутага алуу менен Батыш Шериада "Еврей Израиль мамлекетин" куруу менен коркутту
Израилдин коргоо министри Израил Кац бул чечимдин : "Еврей мамлекетине каршы крестүүлөр жортуулун" жүргүзүү менен айтаган Франциянын президенти Эммануэль Макронго ачык билдирүү экендигин айтты.
Израиль Макронду бутага алуу менен Батыш Шериада "Еврей Израиль мамлекетин" куруу менен коркутту
/ AP

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Израилдин ашынган оңчул өкмөтүнүн Палестина аймактарында 22 жаңы мыйзамсыз сионисттик конуш куруу чечимин жарыялагандан кийин, оккупация астындагы Батыш Шериада "Еврей Израиль мамлекетин" курууга убада берди.

Кац жума күнү жасаган билдирүүсүндө, бул кадамдын Франциянын президенти Эммануэль Макронго "ачык билдирүү" экендигин айтты. Макрон акыркы убакта палестиналыктарды колдоону күчөтүп, Израилдин тышкы иштер министрлиги тарабынан "еврей мамлекетине каршы крестүүлөр жортуулун жүргүзүүдө" деп айыпталган.

Эл аралык укукка ылайык мыйзамсыз деп табылган жана тынчтыкка чоң тоскоолдук катары каралган сионисттик конуштар чоң нааразычылык жаратты.

Бейшемби күнү жаңы конуштардын кеңейтилери тууралуу берилген жарыя көптөгөн чет өлкөлүк өкмөттөрдүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун катуу сынына кабылды.

Кац: "Бул ошол эле учурда Макрон жана анын колдоочуларына ачык билдирүү: Алар кагаз жүзүндө Палестина мамлекетин тааныйт — бирок биз бул жерде еврей Израиль мамлекетин курабыз", - деди.

"Алардын кагазы тарыхтын таштанды челегине ыргытылат, ал эми Израиль мамлекети өнүгүп-өсөт", - деди Кац.

Эки мамлекеттүү чечим

Макрон апрель айында Франциянын Палестина мамлекетин июнь айында тааный тургандыгын айткан.

Жума күнү Сингапурга жасаган сапары учурунда сөз сүйлөгөн Макрон, белгилүү шарттарда бул таануу кадамы "моралдык милдет эле эмес, ошол эле учурда саясий зарылчылык" экендигин кайталады.

Макрон өзгөчө Европа өлкөлөрүн Газада барган сайын начарлап бараткан гуманитардык кырдаалга чечим табылбаса, Израилге каршы "жалпы позицияны катаалдаштырууга" чакырды.

Кац бул билдирүүлөрдү оккупацияланган Батыш Шерианын түндүгүндө жайгашкан мыйзамсыз сионисттик Са-Нур конушуна барганда жасады.

Са-Нур 2005-жылы Израилдин ошол кездеги премьер-министри Ариэль Шарондун Газа тилкесинен чыгуу саясатынын алкагында эвакуацияланган конуштардын бири.

Ошол эле учурда Франция менен Сауд Арабиясы тарабынан биргелешип уюштурула турган эл аралык конференция июнь айында Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өткөрүлөт. Бул конференция Израиль-Палестина кагылышуусуна карата көптөн бери токтоп калган эки мамлекет чечимин жандандырууну максат кылууда.

Саудиянын дипломатиялык булагы жума күнү AFP жаңылыктар агенттигине Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархандын бир делегацияга башчылык кылуу менен Батыш Шерианын Рамалла шаарына барарын билдирди.

Бул сапар Саудиянын тышкы иштер министринин Израилдин 1967-жылы басып алышынан бери аймакка жасаган биринчи сапары болот.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат