ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран: "Бүгүн Газада болуп жаткан трагедия мажбурлап көчүрүүнүн жана бейкүнөө жарандарга келтирилген гуманитардык трагедиянын эң оор мисалдарынын бири катары эсте калат", - деди.
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Түркия Республикасынын Президенттик аппаратынын Байланыш башкармалыгынын башчысы, Бурханеттин Дуран

Түркия Республикасынын Президентинин коммуникация башкармалыгынын башчысы Бурханеттин Дуран "Дүйнөлүк качкындар күнүнө" карата социалдык медиа баракчасында билдирүү жарыялады.

Дуран Дүйнөлүк качкындар күнүнө карата согуштардын, кагылышуулардын жана зомбулуктун айынан өз мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон миллиондогон адамдардын кыйынчылык тартып жатканына көңүлдөрдү буруп : "Бүгүн Газада болуп жаткан трагедия мажбурлап көчүрүүнүн жана бейкүнөө жарандарга келтирилген гуманитардык трагедиянын эң оор мисалдарынын бири катары эсибизде калды. Үйлөрүн, жакындарын жана эң негизги укуктарын жоготуу коркунучуна туш болгон балдардын, аялдардын жана жарандардын ыйы адамзаттын жалпы абийирине чакырык. Президентибиз Режеп Таййип Эрдоган ар бир мүмкүнчүлүктө баса белгилегендей, эзилгендердин жанында болуу, адилеттүүлүктү коргоо жана адамдын кадыр-баркын коргоо жөн гана тандоо эмес, адамзаттын жалпы абийирине болгон жоопкерчилик. Түркия өзүнүн тарыхынан жана цивилизациялык баалуулуктарынан шыктанып, адилетсиздикке кабылгандардын үнү болууну жана абийир менен адилеттүүлүктү артыкчылыктуу деп эсептеп, өз позициясын чечкиндүү түрдө сактайт. 20-июнь Дүйнөлүк качкындар күнү эл аралык коомчулукту чоң жоопкерчиликти алууга, туруктуу чечимдерди чыгарууга жана эч бир адамдын өз мекенин таштап кетүүгө мажбурланбашын камсыз кылууга чакырат. Бул адилеттүү дүйнөнү курууга салым кошот деген үмүттөмгн",- деди.

Иликте
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди
Украина: Россиянын көмүскө флотуна таандык 14 кемеге чабуул койдук
Министр Фидан Парижде өтө турган "Украина" саммитине катышат
Президент Эрдоган Катар эмири үчүн көңүл айтты
Киев жаңы ракеталык чабуулдарга учурап, Россиянын Украинадагы чабуулдарынан 8 адам каза болду
Түркия Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Түркия Ливандын коопсуздугун колдоону улантарын  билдирди
Россия: "Украина кризисти тынчтык жолу менен чечүүнү каалабайт"
Россия Украинанын 376 дронун атып түшүргөнүн жарыялады
Сабиха Гөкчен аэропорту алгачкы 6 айда 23,6 миллион жүргүнчүнү кабыл алды
Президент Эрдоган НАТО саммитинин алкагында Албаниянын премьер-министри Раманы кабыл алды
Президент Эрдоган Словакиянын президенти Пеллергини менен жолугушту
Түркия дүйнөдөгү калкы эң көп 18 -  өлкө болду
Трамп Иранды "чабуулдар катуу болушу мүмкүн" деп коркутту