ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
ДССУ Газада ок атышпоо күчүнө киргенден бери жардам операцияларын көбөйттү
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору, курчоого алынган аймактагы саламаттыкты сактоо мекемелерин жакшыртуу чукул медициналык жардам көрсөтүүнүн биринчи маанилүү кадамы экенин айтты.
ДССУ Газада ок атышпоо күчүнө киргенден бери жардам операцияларын көбөйттү
ДССУ Газада ок атышпоо күчүнө киргенден бери жардам операцияларын көбөйттү / AA

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Израиль менен Хамас тобунун ортосунда Газада ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бери операцияларын арттырганын жарыялады.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус дүйшөмбү күнү X платформасында "ДССУ Ал-Ахли ооруканасында хирургиялык жана тез жардам кызматтарын күчтөндүрүү үчүн 24 сааттын ичинде шашылыш медициналык топту жөнөттү жана Газа шаарында кошумча топторду жайгаштыруу пландалууда" деп билдирди. Ошондой эле, "инсулин, лабораториялык жабдуулар жана негизги дары-дармектерди камтыган 8 жүк ташуучу унаа менен медициналык буюмдарды Газага жеткирди" деп жазды.

ДССУнун мындан тышкары рак дарыларын жана берки өмүрдү сактоочу жабдууларды, анын ичинде интенсивдүү терапия үчүн инкубаторлор, механикалык дем алдыруучу аппараттар жана бейтаптарды көзөмөлдөөчү жабдууларды Европа Газа ооруканасына жеткиргенин кошумчалады.

Тедрос: "Саламаттыкты сактоо мекемелерине жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана оперативдүү миссияларыбызды кеңейтүү - бул Газадагы палестиналыктарга чукул медициналык жардам көрсөтүү үчүн биринчи кадам", - деп баса белгиледи.

Бул жумадагы окуялар "туура багыттагы олуттуу кадам" болуп саналат, - деген Тедрос, ДССУнун адам өмүрүн сактап калуу жана медициналык маанилүү кызматтарды калыбына келтирүү боюнча аракеттерин олуттуу көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди.

“Газанын саламаттыкты сактоо системасы калыбына келтирилип гана тим болбостон, ал күчтүү, адилеттүү жана элдин муктаждыктарына жооп бере тургандай болуп кайра курулушу керек” деген Тедрос: "Эң жакшы дары – бул тынчтык," деп кошумчалады.

Газада ок атышпоо келишиминин биринчи этабы АКШнын президенти Дональд Трамптын Израилдин Газадагы геноцидин токтотуу планынын алкагында жума күнү күчүнө кирди.

Дүйшөмбү күнү таңга маал Хамас Газадагы 20 израилдик туткунду бошоткондон кийин Израилдин түрмөлөрүндө жаткан палестиналыктарды бошотуу башталды.

Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы кыргынында көбү аялдар жана балдардан турган 68000ге жакын палестиналыкты өлтүрдү. Адистер бул сандын кыйла жогору экенин айтышууда.

Геноцид учурунда Израиль Газанын көпчүлүк бөлүгүн талкалап, калктын дээрлик бардыгын жер которууга аргасыз кылды.

Иликте
Трамп НАТО саммити негизги маселелерди чечкенин айтып, альянстын биримдигин мактады
Президент Эрдоган НАТО саммитин тарыхый жетишкендик деп мүнөздөдү
Иран: Авантюралык аракеттерге дароо жооп берилет
Трамп: "Бүгүн кечинде Иранга  катуу сокку урабыз"
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды