ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Азербайжан менен Россияны чыңалуу шартында этият болууга чакырды
Президент Эрдоган Анкаранын эң чоң каалоосу жагымсыз окуялардын Москва менен Бакунун ортосундагы карым - катнаштарда "орду толгус зыян" алып келбеши экендигин айтты.
Эрдоган Азербайжан менен Россияны чыңалуу шартында этият болууга чакырды
/ AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Россия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу эки тарапты сабырдуулукка чакырып, Анкаранын Москва менен да Баку менен да “терең жана стратегиялык байланыштары” бар экенин белгиледи.

Эрдоган Азербайжандан кайтып жатып учакта журналисттерге маалымат берип : “Анкаранын эң чоң каалоосу – Москва менен Бакунун ортосундагы мамилелерге "орду толгус зыян" алып келбеши экендигин айтты.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык келишимине токтолгон Эрдоган: “Бул тынчтык келишими менен жаңы жана тарыхый мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына күбө болобуз,” – деди.

Президент Эрдоган Азербайжандын батышын Нахчыван менен байланыштыруу пландалган жана Кытайдан Түркия жана Россияга чейин созулган стратегиялык жол болушу күтүлгөн Зангезур коридорунун Азербайжан үчүн гана эмес, бүткүл аймак үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын айтты.

Анкаранын бул жолду “геоэкономикалык революциянын” бир бөлүгү катары карай турганын кошумчалаган Эрдоган Армениянын эң башта Зангезур коридоруна каршы чыкканын бирок азыр экономикалык интеграцияга кошулуу боюнча ийкемдүү мамиле көрсөтүп жатканын белгиледи.

Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы F-35 учактарын жеткирүү маселесине токтолгон Эрдоган Трамптын мөөнөтүндө Түркияга F-35 учактарын акырындык менен жеткирүү күтүлүп жатканын айтты жана АКШнын президентинин "келишимибизге бек болоруна” ишенгендигин билдирди. F-35 маселесинин Түркия үчүн бир гана аскердик технология менен гана байланыштуу эмес экенин белгилеген Эрдоган : “Бул өзгөчө НАТО сыяктуу глобалдык платформаларда күчтүү өнөктөштүк менен да байланыштуу”,- деди.

Эрдоган аймактагы туруктуу тынчтыктын Израилдин ок атышууну бузууларынан улам камсыздалбаганын билдирип, Анкаранын мындай окуялардын кайталанышын алдын алуу үчүн иштеп жатканын белгиледи.

Түркия Иран менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуунун Газа үчүн ок атышпоого жол ачканына ишенгендигин айткан президент ХАМАСтын бул маселе боюнча жакшы ниетин көрсөткөнүн белгиледи.

Сирия боюнча да токтолгон Эрдоган Түркиянын бул өлкөгө карата кызыл сызыктары ачык экенин айтты. Террордук топторду же алардын уландыларын мыйзамдаштырууга багытталган пландарды кабыл албай тургандарын билдирди.

"Эркин соода аймактары, логистикалык борборлор жана чек ара базарлары сыяктуу моделдерди Сириянын түндүгүндө ишке ашырсак болот", - деген президент Режеп Таййип Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен болгон жолугушуусуна токтолуп: "Боордошум Алиев жаратылыш газ боюнча Срияга бардык колдоону көрсөтүүгө даяр экенин айтты", - деди.

Иликте
Израилдин Ливандын түштүгүнө чабуулдарынан он төрт адам каза болду
ДССУ: "Өлкөлөр жаңы хантавирус учурларына каршы даяр болушу керек"
Трамп социалдык медиадагы билдирүүсүндө Венесуэланы АКШнын "51-штаты" деп сыпаттады
Бельгиянын ханышасы Матильда Түркиянын Борбордук банкынын Стамбулдагы каржы борборуна барды
Грециядан карыздары үчүн Акрополду сатуу талап кылынды
Кабул Исламабаддын полицияга жасалган кол салуу Афганистанда пландалган деген дооматын четке какты
"COP31 таза энергияга өтүүнү тездетүү үчүн негизги платформа болушу мүмкүн"
Иран АКШ менен Израилди курал жасоого жарамдуу уранды байытуу боюнча эскертти
Түркиянын тышкы иштер министри Ормуз кысыгын "курал" катары колдонбоо керектигин айтты
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарда
Ливандын түштүгүндө Израилдин аба соккусунан кеминде алты адам каза болду
Трамп Пекин сапарынан кийин медициналык текшерүүдөн өтөт
Зеленский үч күндүк ок атышпоодон кийин Орусиянын Украинага абадан сокку урганын кабарлады
Венесуэла АКШнын президенти Трампка каршылык көрсөттү
Испания Европа армиясын түзүүгө чакырды