ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп ракета жетишсиздигинен улам Иранга каршы аскердик күчөтүү планын токтотту
Чечим АКШнын азайып бараткан ракета запастары, аймактык чыңалуу жана Перс булуңундагы cоюздаштарына карата тобокелчиликтер боюнча тынчсыздануулардан кийин кабыл алынганы билдирилди.
Трамп ракета жетишсиздигинен улам Иранга каршы аскердик күчөтүү планын токтотту
Трамп абадан коргонууга байланыштуу кооптонуулардан улам Иранга каршы кеңири чабуул жасоо пландарын токтотту (Сүрөт: АРХИВ) / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп Американын абадан коргонуу ракеталарынын запастарынын азайышына байланыштуу кооптонуулардан улам Иранга каршы аскердик операцияларды күчөтүү планын токтотту.

The New York Times басылмасынын кабарына караганда, бул чечим Трамптын жума күнү жогорку мартабалуу кеңешчилери жана кабинет мүчөлөрү менен өткөргөн жыйынынан кийин кабыл алынды.

Аскердик жетекчилердин кеңири масштабдуу кагылышуулардын кайрадан башталышы, Жакынкы Чыгыштагы АКШ аскерлери менен базаларын коргоо үчүн зарыл болгон Patriot абадан коргонуу ракеталарын жана башка ок-дарыларды коркунучтуу деңгээлде азайтып жибериши мүмкүн экенин эскертишкендиги белгиленди. АКШнын Иран менен уланып жаткан кагылышууларда абадан коргонуу ракеталарынын запастарынын олуттуу бөлүгүн сарптаганы тууралуу кооптонуулар буга чейин да күн тартибине келген.

Дипломатиялык тоскоолдуктар

АКШнын башкы штабынын төрагасы, генерал Дэн Кейн кеңири масштабдуу аскердик операцияларды кайра баштоо мүмкүн экенин, бирок бул Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерди башкарган АКШ Борбордук командирлигинин карамагындагы ракета запастарын олуттуу түрдө азайтарын атайын сүйлөшүүлөрдө билдиргени маалымдалды.

Ак үйдүн коммуникация башкармалыгынын башчысы Стивен Чанг Трамп дипломатиялык чечимди ар дайым артык көрөрүн ачык айтып келгенин, бирок Иран Ормуз кысыгында же АКШнын өнөктөштөрүнө каршы "террордук аракеттерин" уланта берсе бардык варианттардын күн тартибинде каларын айтты.

Чанг : "Иран сүйлөшүү жолу менен келишим түзүүгө аракет кылганы акылдуулукка жатат. Болбосо, алар эмне болорун билишет",- деди.

Иликте
Министр Фидан Кудс боюнча министрлер жыйынына катышат
Wildberries 2027-жылы Казакстанда 260 000 чарчы метр аянтты ээлеген жаңы кампа ачууну пландап жатат
Түркия Кара деңизде кол салууга кабылган кемелердеги жарандарынын абалын кылдат көзөмөлдөп жатат
Apple компаниясы Telegram тиркемесин App Store дүкөнүнөн убактылуу алып салды
Армениянын президенти Хачатурян Пашиняндын жаңы кабинетин бекитти
Иран президенти: Аймактык бүтүндүгүбүздү коргойбуз, бирок согушту кеңейтүүнү каалабайбыз
Президент Эрдоган Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Салман менен сүйлөштү
Жогорку аскердик кеңеш жыйналууда
Ибрахим Калын Газадагы тынчтык планын талкуулоо үчүн Хамастын лидери менен жолугушту
Түркия, Египет жана Катар  геноцидчи Израилди айыптады
Дрондор түнү бою Орусиянын аймактарына сокку уруп, Москвада беш адам каза болду
Министр Фидандын дипломатиялык иш-аракеттери
Казакстан Арал менен Каспийди бириктире турган стратегиялык автожолдун курулушун баштады
Коргоо жана авиация тармагы 1,12 миллиард долларлык экспортту ишке ашырды
Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташкандар июль айында Батыш Шериага 2256 жолу кол салды