БУУ: «Израилдин Газадагы аракеттери адам өмүрүнө толук кайдыгерликти көрсөтүүдө»
«Израилдин соңку кол салуулары жана блокадасы Газадагы гуманитардык кыйроону тереңдетип, адам өмүрүнө ачык кайдыгерликти көрсөттү»,-деп айтылат БУУнун алты агенттигинин биргелешкен билдирүүсүндө.
Бириккен Улуттар Уюмунун алты мекемесинин жетекчилери Израилдин чабуулдарынын жана Газаны блокадасынын кыйраткыч кесепеттерине көңүл буруп, дүйнө «адам өмүрүнө толук кайдыгерлик менен жүргүзүлүп жаткан согушка» күбө болуп жатканын белгилешти.
Гуманитардык иштерди координациялоо бюросунун (OCHA), БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), БУУнун Долбоорлор кеңсесинин (UNOPS), Палестиналык качкындарга жардам берүү агенттигинин (UNRWA), Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (WHO) директорлору кол койгон билдирүүдө:«Газага бир айдан ашык убакыттан бери коммерциялык да, гуманитардык жардам да киргизилген жок», - деп айтылды.
«2,1 миллиондон ашуун адам кайрадан бомбаланып, ачка калтырылууда жана курчоого алынууда. Тамак-аш, дары-дармек, күйүүчү май жана баш калкалоочу жай чек ара дарбазаларында үйүлүп, бирок жеткирилбей жатат», - деп айтылат маалыматта.
Ок атышпоо бузулгандан кийинки биринчи жумада миңден ашуун баланын каза болгондугу же жараланганы белгиленген билдирүүдө, «Бул Газада акыркы бир жылда катталган балдардын эң жогорку жумалык өлүмү»,-деп белгиленди.
Гуманитардык жардамдын токтоп калганына көңүл бурулган билдирүүдө: «Бир нече күн мурун ок атышпоо учурунда Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган 25 наабайкана, ун жана баллон газ тартыштыгынан улам жабылууга мажбур болгон.
БУУ өкүлдөрү: «Газада адам өмүрүнө толук кайдыгерлик менен жүргүзүлүп жаткан согушка күбө болуудабыз»,-деп айтып гуманитардык кризистин болуп көрбөгөндөй чоңдуктарга жеткенин баса белгилешти.
«Израилдин жаңы эвакуация буйруктары жүз миңдеген палестиналыктарды качууга аргасыз кылды жана аларга баш калкалоочу коопсуз жер калтырган жок»,-деп айтылган билдирүүдө Газага жетиштүү жардам жеткендиги жөнүндөгү айтымдардын «жердеги чындыктан алыс» экени белгиленди.
2023-жылдын октябрынан бери кеминде 408 гуманитардык кызматкер келгени, алардын 280ден ашыгы UNRWAнын кызматкерлери экени кабарланган.
Биргелешкен чакырык дүйнөлүк өкмөттөргө эл аралык гуманитардык укукту сактоо жоопкерчилигин эскертип, «Жарандыктарды коргогула. Жардам жеткирүүнү жеңилдеткиле. Барымтадагыларды бошоткула. Ок атышпоо режимин жаңырткыла» деген сөздөр менен чукул жана чечкиндүү кийлигишүүгө чакырды.