Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада 15 жаштагы палестиналык баланы өлтүрдү

Палестиналык булактардын билдиргенине караганда Рамалла жакындарындагы Силвад шаарчасында жүргүзгөн рейдде аскерлер чыныгы ок, көздөн жаш агызуучу газ жана үн бомбаларын колдонду.

Израилдин аскерлери Рамалла шаарына жакын Силвадда рейд учурунда 15 жаштагы палестиналык баланы өлтүрүштү. / AA

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шерианын Рамалла шаарына караштуу Силвад шаарчасында жүргүзгөн рейд учурунда 15 жаштагы палестиналык баланы атып өлтүрүштү.

Аскерлер чыныгы ок, көздөн жаш агызуучу газ жана үн бомбаларын колдонушту. Чыккан кагылышууларда Ямен Самед Хамед атылды. Палестинанын WAFA маалымат агенттиги бейшемби күнү жергиликтүү булактарга шилтеме берип бул окуя тууралуу билдирди.

Булактардын айтымында, израилдик күчтөрдүн жарадар болгон баланы алып кетүү үчүн келген тез жардам унаасынын баланы алуусуна тоскоолдук кылып, баланын бир канча убакытка чейин жерде жатып калганын, андан кийин гана медициналык кызматкерлердин алуусуна уруксат берилгенин билдирди.

Рамалладагы Палестина Медициналык Комплекси кийинчерээк анын каза болгонун жарыялады.

Палестиналык булактардын маалыматы боюнча, Израилдин кол салуулары 2023-жылдын октябрь айынан бери оккупацияланган Батыш Шерианын аймагында күчөп мунун натыйжасында 1062ден ашуун палестиналык каза болуп, 10300 адам жаракат алды.

Өткөн жылдын июль айында Эл аралык Сот Израилдин палестиналык аймактарды басып алуусун мыйзамсыз деп жарыялап, Батыш Шериадагы жана Чыгыш Кудстагы бардык отурукташуу пункттарын эвакуациялоону талап кылган тарыхый чечим чыгарды.