ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Соода министри: Түркия-Сирия транзиттик коридору келерки жылы ачылат
Түркиянын соода министри Өмер Болат жаңы коридор түрк жүк ташуучу унааларынын Иорданияга жана Перс булуңу өлкөлөрүнө авто жол аркылуу жетүүсүнө мүмкүндүк берерин айтты.
Соода министри: Түркия-Сирия транзиттик коридору келерки жылы ачылат
Соода министри: Түркия-Сирия транзиттик коридору келерки жылы ачылат / AA
30 Октябрь 2025

Түркия–Сирия транзиттик коридору толук ишке киргенден кийин келерки жылы Түркиянын жүк ташуучу унаалары Сирия аркылуу Иорданияга жана Перс булуңундагы өлкөлөргө авто жол аркылуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу Түркиянын соода министри Өмер Болат Anadolu агенттигине билдирди. Болат муну ишке ашыруу үчүн Сириядагы виза жана жолдорду калыбына келтирүү сыяктуу маселелер чечилиши керектигин кошумчалады.

Өмер Болат июнь айында кол коюлган келишимдин негизинде түрк жүк ташуучу унаалары Сирия аркылуу Иорданияга жана Перс булуңу өлкөлөрүнө бара алаарын, бирок Сириядагы бажы эрежелери, жолдорду калыбына келтирүү жана виза эрежелери сыяктуу маселелер дагы деле чечиле электигин айтты.

Болат Түркия менен Сириянын транспорт министрлери кол койгон келишим Иорданияда чоң кызыгуу жаратканын белгилеп “Бул жол Сирия жана Иордания аркылуу Түркия менен Европага чейин созулгандыктан соода жана транспорт үчүн абдан маанилүү,” – деди.

“Бул аймактарды авто жолдор жана темир жолдор менен жандандырсак соода да, элдин жыргалчылыгы да тездик менен жогорулайт,” – деп кошумчалады.

Ошол эле учурда Болат Түркия менен Иордания Хижаз темир жолун эки өлкөнүн координациясында оңдоп, жаңыртууну каалап жатканын билдирди. “Буюрса тарыхый Хижаз темир жолу иштей баштайт,” – деген Болат мунун жүк жана жүргүнчү ташууну жакшыртарын айтты.

Болат шаршемби күнү Түркия-Иордания биргелешкен экономикалык комиссиясынын (БЭК) биринчи жыйыны аяктаганын жана эки тарап соода, өнөр жай, айыл чарба, кызмат көрсөтүү, туризм, маданият жана башка көптөгөн тармактардагы биргелешкен аракеттерин камтыган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгонун кабарлады.

“Бүгүн кол коюлган келишим келечектеги макулдашуулар, иш-аракеттер жана программалардын жол картасын түзөт,” – деди.

Министр: "Эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу соода көлөмү (2024-жылы) 1,1 миллиард долларга жетти. Ушул жылдын алгачкы тогуз айында болсо 1,4 миллиард доллардан ашты. Буюрса бул көрсөткүч жылдын аягына чейин бир жарымдан 1,6 миллиард долларга чейин жетет", - деп айтты.

Болат түрк ишкерлери жана подрядчылары келерки жылы Иорданияда баштала турган 15 миллиард долларлык инфраструктуралык долбоорлорго, анын ичинде ири суу долбооруна жана темир жол курулушуна катышуусу керектигин билдирди.

Министр ошондой эле: "Бүгүнкү күнгө чейин түрк подрядчылары 2,3 миллиард долларлык 60 долбоорду бүтүрүштү. Соодабыз өскөн сайын, инвестициялар да көбөйүүдө", - деди.

Иликте
Түрк тышкы иштер министри Жакынкы Чыгыштагы согушту кесиптештери менен талкуулады
Вэнс: Пакистандагы Иран тууралуу сүйлөшүүлөрдө "чоң ийгиликтерге" жетишилди
Украина менен Россия Пасхадан кийин дрон чабуулдарын кайра баштады
Хакан Фидан: "Израилдин Түркияны жаңы душман катары жарыялоо аракетин көрүп жатабыз"
Европа Биримдиги Иран согушунан улам энергетикалык бааларды координациялоого чакырууда
Түштүк Корея менен Польша коргонуу жаатындагы байланыштарын тереңдетүүдө
Иран менен АКШ сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураганга чейин келишимге жетишүү алдында турган
Орусия менен Украинанын ортосунда Пасхага карата ок атышпоо аяктады
Израилдеги оппозиция Нетаньяхуну Иран согушундагы ийгиликсиздик үчүн сындап жатат
Түрк прокурору Нетаньяхуну жана дагы 34 адамды өмүр бою эркинен ажыратууну суранды
Ирандын мамлекеттик медиасы: АКШнын «акылга сыйбаган» талаптарынан улам сүйлөшүүлөр ишке ашкан жок
Вэнс: «Пакистандагы 21 сааттык узун сүйлөшүүлөр АКШ менен Иранды элдештире алган жок»
Эрдоган менен Макрон Иран, Ливан жана Газадагы ок атышууну токтотуу маселелерин талкуулашты
АКШнын чалгын кызматтары: Кытай Иранга абадан коргонуу системаларын жеткирүүнү пландап жатат
АКШнын вице-президенти Вэнс АКШ-Ирандын маанилүү сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Пакистанга барды