Фидан Эрдоган менен Трамптын жолугушуусу оң жана конструктивдүү болгонун айтты
Президент Эрдоган Трамп менен жолугушуусунда Палестина маселесин козгоп, Газада ок атышпоонун камсыздалышы үчүн АКШнын президентин арачылык кылууга чакырганын айтты.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан президент Режеп Таййип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусу оң маанайда өткөнүн билдирди. Ал Түркиянын президенти Трампты Анкарага чакырганын белгиледи.
Ишемби күнү журналисттерге берген маалыматында Фидан : “Президенттин сапары өтө достук маанайда, позитивдүү жана конструктивдүү болду. Президент Трампты биздин өлкөгө эки тараптуу сапарга жана кийинки жылы Анкарада өтө турган НАТО саммитине чакырды. Жолугушууда CAATSA санкциялары сыяктуу мамилелерибизди мындан ары чыңдоого тоскоол болгон маселелерди чечүү боюнча макулдашууга жетишилди”, – деп билдирди.
Фидан ошондой эле коргонуу өнөр жайындагы мүмкүн болгон кадамдар каралып жатканын белгиледи.
“Экономикалык жана соода мамилелерин тең салмактуу түрдө өнүктүрүү жана соода көлөмүн 100 миллиард долларга жеткирүү үчүн конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгабыз”, – деди ал.
Ал ошондой эле президент Эрдоган түрк-америкалык коомчулуктун мүчөлөрү менен жолугушуп, түрк жана америкалык ишкерлер менен да жолугушканын кошумчалады.
Палестинанын адилеттүү доосун коргоо
Фидан ошондой эле Президент Эрдоган Палестина жана курчоодогу Газа маселесин көтөрүп, Трампты бул аймакта ок атышууну токтотууга чакырганын айтты.
“Биз Газада ок атышууну токтотуу зарыл экенин жана бул аймакка гуманитардык жардам жеткирүү маанилүү экенин билдирдик. Израилдин Батыш Шериадагы аннексиялоо аракеттери таптакыр кабыл алынгыс экенин жана Газадагы элди өз мекенинен сүрүп чыгаруу аракеттерине каршы экенибизди баса белгиледик”, – деди ал.
Ал президент Эрдоган Израилдин басып алуу саясатынын аймактагы коркунучтарын белгилеп, Палестинаны коргоодогу Анкаранын ролун баса белгилегенин кошумчалады.
Фидан:“Түркия катары биз Палестина боюнча бардык жолугушууларды же жетектеп, же координациялап, же колдоп келдик. Биз алардын баарына катыштык жана, кудайга шүгүр, Палестинанын маселесин эң күчтүү түрдө коргоп келдик”, – деди .
Эрдоган БУУнун Башкы Ассамблеясында көптөгөн Батыш өлкөлөрүнүн Палестинаны таанышын өтө маанилүү окуя катары баалады.
Фидан:“Бул жыйынтык Ислам Кызматташтык Уюму-Араб Лигасынын Биргелешкен Байланыш Тобу катары жүргүзгөн иштерибиздин конкреттүү натыйжасы болуп саналат. Биз Палестинанын адилеттүү маселесин ар дайым жана бардык платформаларда коргой беребиз”, – деп билдирди.