ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Россиянын Украинадагы кол салууларында 6 киши каза болду
Украиналык жетекчилер Россиянын бир топ аймакка жасаган кол салууларында жарандардын каза болгонун жана жаракат алганын, эки тараптын тең түнү менен көп сандаган дрондорду атып түшүргөнүн билдирди.
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Өрт өчүрүүчүлөр жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери Украинанын Запорожье шаарында 2026-жылдын 17-июнунда Орусиянын дрон чабуулдарынан кийин тутанган өрттү өчүрүүдө. (AA)

Украинанын тышкы иштер министрлиги Россиянын өлкөнүн ар башка аймактарына жасаган чабуулдарында кеминде 6 кишинин каза болгонун, 20 кишинин жаракат алганын маалымдады.

Министрликтин жума күнү Х платформасынан берген маалыматына караганда өлкөнүн түштүк - чыгышындагы Запорожье облусунда май куюучу жайда өрт чыгып, инфраструктура жабыркаган жана 2 адам жаракат алган.

Харьков облусунда аба соккулары кампаны, турак жайларды жана унааларды бутага алды. Араларында 10 адам алардын ичинен 4 бала жаракат алып, бир киши каза болду.

Бир топ аймакта каза болгондордун саны көбөйдү

Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Днепропетровск облусунда чабуулдардан улам жеке турак үйлөр, почта бөлүмү жана унаалар зыян тартты. Министрлик Павлоград шаарында 8 жашар кыз каза болуп, дагы бир адамдын жаракат алганын маалымдады.

Түштүктөгү Одесса облусунда Россиянын соккулары күйүүчү май ташуучу жана газ ташуучу цистерналардын өрттөнүшүнө алып келди. Натыйжада бир адам каза таап, 4 киши жарадар болду.

Донецк облусунун чыгышындагы Краматорск шаарында 3 адам каза болуп, кеминде 6 киши жаракат алды.

Министрлик «Россиянын токтоо ниети жок» деп билдирип, Украинанын өнөктөштөрүн санкцияларды катаалдаштырууга жана абадан коргонуу тутумун күчөтүүгө чакырды.

Билдирүүдө: «Украинанын аба соккуларына каршы өзүн коргоо дарамети жогорулатылышы керек. Украинанын абадан коргонуусун күчөтүү адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн чечүүчү мааниге ээ», — деп айтылды.

Бул дооматтарды көз карандысыз түрдө текшерүү мүмкүн болгон жок.

Ошол эле учурда эки тарап тең түн ичинде дрондордун интенсивдүү иш-аракеттери тууралуу билдиришти. Украина армиясы 79 орус дронун атып түшүргөнүн жарыялады ал эми Россиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системаларынын Украинанын 133 дронуна тоскоол болгонун билдирди.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат