ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Жашыл деңиз таш бакалардын балдары деңизге карай жол тартууда
Ушул кезге чейин май жана июнь айларында жумурткалаган эне деңиз ташбакаларынын тукумунун 80%ы уяларынан чыкты.
Жашыл деңиз таш бакалардын балдары  деңизге карай жол тартууда
Эргене кабарчыларга Мерсин деңиз таш бакалары үчүн маанилүү аймак экенин билдирди. / AA

Мерсиндин Мезитли районунда жумурткадан чыккан жашыл деңиз таш бакалардын балдары деңизге карай жол тартууда.

Эне таш бакалардын май айынан тарта Давултепе 100 жылдык жаратылыш паркынын жээгиндеги уяларда инкубациялык мезгилин аяктаган балдарынын жумурткадан чыгуу процесси жүрүп жатат.

Таш бака балдары Мерсин университетинин (МЕҮ) Деңиз таш бакаларын изилдөө борборунун окутуучусу, доктор Махмут Эргене жана борбордун студенттеринин көзөмөлү астында кумдун астындагы уяларынан чыгып, Жер ортолук деңизинин тунук сууларына карай жол тартууда.

Махмут Эргене журналисттерге Мерсиндин деңиз таш бакалары үчүн маанилүү аймак экенин айтты.

Эргене май жана июнь айларында жумурткалаган деңиз таш бакаларынын 80%ы ушул убакка чейин уяларынан чыкканын айтып, буларды белгиледи: «Калган уялардан да таш баканын балдарынын чыгышын кылдат көзөмөлдөп жатабыз. Мурунку жылдарга салыштырмалуу Давултепе жээгинде быйыл төмөндөө байкалууда. Албетте, бул деңиз таш бакаларынын табигый циклинин бир бөлүгү, ар бир 2 же 3 жылда көбөйүп жана азайып турат. Ошондуктан, биз муну нормалдуу деп эсептейбиз жана алдыдагы жылдары уялардын саны көбөйөт деп болжолдоп жатабыз».

Жарандарга эскертүү

Эргене жарандар деңиз таш бакаларынын уялары жайгашкан аймакта сезимтал болушу керектигин баса белгиледи.

Уяларды казып алууга болбой тургандыгына көңүл бурган Эргене мындай деди: «Деңиз таш бакалары жапайы жаныбарлар жана алар уяларынан чыккан учурдан тартып жапайы жаратылыш менен жалгыз күрөшүүгө аргасыз болушат. Эгерде биз аларды кол менен деңизге көтөрүп чыгуу менен жардам берүүгө аракет кылсак, аларга жардам берүүнүн ордуна зыян келтиребиз. Жардам бергиси келгендер кичинекей деңиз таш бакаларынын жолдорунан пластиктерди жана катуу калдыктарды алып салуу менен жардам бере алышат».

Эргене Мерсин университетинин деңиз таш бакаларын колдонуу жана изилдөө борбору катары шаарда мониторинг, коргоо жана изилдөө иштерин, ошондой эле маалымдоо кампанияларын жүргүзөрүн, бул аракеттердин деңиз таш бакалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулаткандыгын белгиле

Иликте
Президент Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Түркия менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу мамилелер менен аймактык окуяларды талкуулашты
Пакистан менен Мальдивдер соода, коргонуу жана деңиз коопсуздугу жаатындагы кызматташтыкты бекемдейт
Путин менен Витков, Санкт-Петербургда Украинадагы согуш тууралуу сүйлөштү
Украина: "Орус армиясынын чабуулдарынан 5 адам каза болуп, 56 адам жаракат алды"
Эрдоган: "Сириянын чалгындоо кызматынын жана Түрк чалгындоо уюмунун баатырларын куттуктайм"
Түркия менен бирге төрт өлкө Бедир өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 10 адам каза болду
Иран: Инфраструктурабызды бутага алышса Ормуз кысыгынын астындагы интернет кабелдерин жок кылабыз
Россиядан АКШга дизелдик күйүүчү май ташыган биринчи танкердин эртең жолго чыгышы пландалууда
Хуситтер: "Аденде Сауд Арабиясынын операциялык штабы жайгашкан аскердик лагерге сокку урдук"
Министр Гүлер катарлык кесиптеши менен жолугушту
Түндүк Корея менен Орусия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү көздөп жатышат
Судан менен Түштүк Судандын ортосундагы талаштуу аймакка дрондук чабуулдан 153 адам каза тапты
Францияда Mirage 2000D согуштук учагы кырсыкка учурады